2025-жылдын 15-16-майында Ташкент шаарындагы Алфраганус университетинде “Жусуп Баласагындын философиялык ойлорунун мурастары” аттуу эл аралык конференция болду.

Иш чарага кыргыз филологиясы факультетинин доценти Назгуль Турдубаева катышып, пленардык жыйында “Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг”чыгармасы жана анын түрк тилдериндеги котормолору” деген илимий баяндама жасады жана Алфраганус университетинин филология факультетинин студенттерине “Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” чыгармасы жана анын түрк элдеринде таанылышы” деген темада кыргыз тилинде лекция окуп келди.

(С) Турдубаева Назгуль – кыргыз филологиясы факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары, доцент

Добавить комментарий