«Дин антропологиясы» аттуу эл аралык симпозиум Улуттук университетте жыйынтыкталды
Мурда кабарлангандай, 2022-жылдын 1-3-декабрында Жусуп Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана РФ Президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясы биргелешип «Дин антропологиясы » аттуу эл аралык симпозиумун өткөрүштү. Иш чара 1-декабрь күнү Кыргыз–Түрк «Манас» университетинде ачылып, жыйында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов чыгып сүйлөп, жаӊы форматтагы бул иш-чара антропология, дин таануу, фольклористика илимдеринин мындан ары өнүгүшүнө чоӊ салым кошоорун белгиледи. Симпозиум 2-декабрда Жусуп Баласагын атындагы КУУда уланды. Ага Россия, Белоруссия, Түркия өлкөлөрүнөн жана Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл университеттеринен, о.э. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынан келишкен окумуштуулар катышты.
Жыйында Н.В.Петров, Т.В.Валодина, Булдук Учлер, К.Абакиров, А.Мокеев, А.Б.Мороз, Т.Токтосунов, М.Мурзаев, Д.А.Радченко, Ихсан Жапчыоглу, И.С.Шисыр, Р.Доган, Рамазан Адыбели, Б.Баймырзаев, Т.Асанов, С.Исаева, К.Кулалиева, М.Көлбаева, А.Р.Бикбулатова, У.Алимов, А.Турдугулов, Т.Сырдыбаев, А.Бакиров, Незахат Жейлан, Гүлзат Нурдин кызы, Н.Х.Бекмухамедова, К.Калчикеев, С.Абдуллаев, Н.Заирова, Ц.Б.Селеева, Я.И.Павлиди, Д.Чокоева, Ашык Алпаслан, Г.Жамгырчиева, Т.Айталиева, А.Эрматова, Ш.Дүйшеева сыяктуу илимдин кандидаттары, докторлору, доценттер жана профессорлор докладдар жасашты
Симпозиумдун 1-2-күнүндө эртеӊ мененки саат 10.00дон кечки саат 17.00 чейин антропология, тарых, фольклористика боюнча жаӊы өӊүттөгү актуалдуу маселер боюнча докладдар окулуп, кызуу талкуулар жүрүп, окумуштуулар арасында пикир алмашуулар болду. Симпозиумга келген темалар тыкыр көзөмөлгө алынып, 35 тема тандалып алынган. Ошолордун ичинен 34 доклад окулду. Эки күнгө созулган симпозиумдун жабылышы Жусуп Баласагын атындагы КУУда болуп, илимий багыттагы мындай конференциялар мындан ары да уланаарын белгилешти.
Бул симпозиумду өткөрүү идеясын РФ Президентине караштуу эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын Теориялык фольклористика лаботориясынын башчысы т.и.к., доцент Петров Никита Викторович көтөргөндүгү, аны Кыргызстанда өткөрүп, уюштурууда Жусуп Баласагын атындагы Куунун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.д., профессор К.Абакировдун, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти К.Кулалиеванын эмгеги зор экендиги айтылды. Ошондой эле симпозиумдун уюштуруу иштерине тарых факультеттинин деканы Туратбек Сырдыбаев абдан зор салым кошту. Ошондой эле симпозиумга биздин КУУдан кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын жана тарых факультетинин окумуштуулары активдүү катышып, өздөрүнүн илимий потенциалынын жогору экенин көрсөтүштү.
3-декабрда «Дин антропологиясы» аттуу эл аралык симпозиумдун алкагында «Манас» эпосу жана азыркы элдик оозеки чыгармачылыктын актуалдуу маселелери» аттуу тегерек стол болду. Анда Кыргыз Эл жазуучу, ф.и.д., профессор С.Байгазиев, философия илимдеринин доктору Ж.Бөкөшов, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил улуттук комиссиясынын төрөагасынын орун басары ф.и.д., профессор Ж.Орозобекова, журналист, «Кыргыз тил» гезитинин редактору Д.Керимов, анан Россия, Белоруссия, Түркиядан жана Кыргызстандын ар кайсы жогорку окуу жайларынан келген окумуштуулар «Манас» эпосунун бүгүнкү күндөгү абалы, эпостаануунун өзөктүү маселелери боюнча иштиктүү талкуу жүргүзүштү.
Исаева Сайра - кыргыз адабияты кафедрасынын доценти
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- КУУнун студенттик кеңеши “Эки ооз сөз” аттуу жандуу маек өткөрдү
- Ага окутуучу Дубанаева С.А. чөлкөм таануу багытында билим алган студенттер үчүн кытай элинин маданиятына арналган ачык сабак өткөрдү
- Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты
- География, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрүштү
- 7-жатакананын жашоочусу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
- Экономика факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты
- Экономика факультетинин студенттери Баткендеги кагылуушуда жапа чеккен аскерлерге жана элге жардам көрсөтүштү
- 7-студенттик жатакана студенттери вахтерша кызматкерлерин куттукташты
- Педагогика факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы “Свет” карылар үйүнө барышты
- Профессор Гулжамал Жаманкулова КРТКнын Маданият каналындагы Мамлекеттик тил күнүнө карата маекке катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Сезим 10.09.2022 16:21
-
Аман
31.08.2022 20:34
Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...
-
Шарип кызы Сезим
12.08.2022 07:18
Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...
Студенттердин ?-лору
-
Акылай
05.01.2023 01:39
Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?
-
Сезим
27.10.2022 02:18
Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...
-
ФИИТ
26.09.2022 10:42
Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Ислам
05.12.2022 15:02
Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...
-
Гулиза
13.09.2022 14:52
Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...
-
Жазгул
03.09.2022 21:15
Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Жыпаркул
24.01.2023 10:32
Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????
-
Канышай
24.01.2023 10:28
Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...
-
Юрфак 2 курс спо
22.12.2022 03:10
Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Студенттин суроолору
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...