Жума, Октябрь 07, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда “Мамлекеттик тил - улуттук нарктын пайдубалы” аттуу конференция болуп өттү

Ректор Түркмөнстандын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Акылбек Жапаров: "Университеттердин ролу кайсы мезгил болбосун ар дайым жогору"

00

2022-жылдын 14-сентябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму тарабынан уюштурулган "Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу" темасындагы Ректорлордун дүйнөлүк форуму башталды. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, Президенттин атынан форумдун ачылышы менен куттуктады жана катышуучулардын илимий иштерине ийгиликтерди каалап, төмөндөгүлөргө токтолду:

Университеттердин ролу кайсы мезгил болбосун ар дайым жогору болгон. Жаңы технологияларды колдонуу менен дүйнөнүн каалаган окуу жайынан билим алуу мүмкүнчүлүктөрү ачылды. Азыркы инновациялык технологиялар күн санап өнүгүү, өзгөрүү процессинде. 30 жыл мурун компьтердик система биздин чөнтөгүбүздө болооруна ишенбейт элек. Өлкөбүздүн билим берүү багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар өз жыйынтыгын бере баштады. Учурда Кыргызстандагы мектеп мугалимдери жогорку айлык алган катмарга айланды. Бул билим берүүнүн бардык тепкичтерине жакшы жыйынтыктарды берет деп ишенем. Атамекендик университеттерде илимий, интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүбүздү практикалык жыйынтыктарга айлантууга басым жасалышы керек.

Жыйындын андан аркы бөлүгүндө төмөндөгүлөр чыгып сүйлөштү.

Хусейин Абдул Хамид, - Дүйнөлүк банктын өкүлү:

- Мамлекеттик камсыздоо бардык университеттердин ишмердүүлүгүн канааттандыра албайт, бул бүткүл дүйнө жүзүндөгү тажрыйба. Университеттер илимий, иликтөөчүлүк багыттагы ачылыштарын практикалоо, массалык колдонууга жайылтуу, коомдун кызыкчылыгына туура келтирүү жолдорун инновациялык технологиялардын, ыкмалардын жардамы менен ишке ашырууну тезинен башташы керек.

Татьяна Калганова - Брунель Лондон университетинин (Улуу Британия) профессору: 

-  Ар бир окумуштуу, изилдөөчү илимий ишинин, илимий ачылышынын практикалык келечегине ишенгенде, ага байланыштуу багыттарды түшүнүп, колдонгондо жакшы жыйынтыктар жаралат.

Иленсами Адресида - Н.Назарбаев университетинин проректору (Казахстан):

- Университеттерди автономиялык башкарууга өткөрүү мезгилдин талабы.  Илимий-теориялык багыттар менен катар экономикалык, материалдык-техникалык базалар чыңдалганда ийгиликтер жаралат.

Хасиб Дж.Ахмед - Кеттеринг университетинин (АКШ) менеджмент мектебинин деканы:

-Биздин мектеп мамлекеттик структуралар, ишканалар менен ар дайым тыгыз байланышта. Студенттерибиз алган билимин реалдуу ишкана, мекемелерде практикалаганга кеңири шарттар түзүлгөн. Ишкерлик университеттердин калыптанышы рынок экономикасынын, инновациялык технологиялардын доорундагы зарыл тармак катары бардык мамлекеттерде жакшы жолго коюлушу керек деген ойдомун. 

Жыйынга 70тан ашык өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 100дөн ашуун ректору катышууда. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Форум изилдөөлөрдүн жана инновациялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ЖОЖдордун тажрыйба алмашуусуна негиз болмокчу.

02

04

06

Джаныбекова Перизат - радиостудиянын адиси

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 560 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары