Жекшемби, Ноябрь 27, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Министрликтин бөлүм башчысы илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме өткөрдү

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

СГИФтин окутуучулар курамы «Синегорье» пансионатында болуп өткөн эл аралык илимий практикалык конференцияга катышты

00СГИФтин окутуучулар курамы 2022-жылдын 8-11-августунда Ысык-Көлдөгү «Синегорье» пансионатында болуп өткөн «Адамдын бакубаттуулугун изилдөөдөгү дисциплиналар аралык мамиле" аттуу эл аралык илимий практикалык конференцияга катышты. Онлайн жана офлайн форматта өткөн иш чараны Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университети жана Ж.Баласагын атындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети уюштурду. Конференциянын өнөктөштөрүнүн катарында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Бухара психология жана чет тилдер институту болду. Ачылыш сөзүн Россия билим берүү академиясынын мүчө-корреспонденти, психология илимдеринин доктору, профессор Сыманюк Э.Э., ал эми саламдашуу сөздөрүн Б.Н.Ельцин атындагы УрФУнун ректору Кокшаров В,А.Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин социалдык гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек жана Б.Н.Ельцин атындагы УрФУнун эл аралык байланыш проректору Тушин С.Г. айтышты.

Конференцияга СГИФтин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, пед.и.д., проф., Асипова Н.А., социология жана социалдык иш кафедрасынын башчысы, соц.и.к., доц. Жусубалиев А.Р., философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти Сааданбекова Ч.И., социология жана социалдык иш кафедрасынын доценти Кошбакова Б.М., А.Табалдиев атындагы социомаданий социологиялык изилдөө борборунун директору Шайылдаева А.К. жана “Психология” багытынын магистранты Усупова Ч.С. активдүү катышышты.

Иш чарада Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Казакстан, Улуу Британия, Испания жана Болгариядан келген 54 окумуштуу-изилдөөчү ойлорун ортого салышты. Программада алдыңкы илимпоздордун сүйлөгөн сөздөрү, "инсандын психологиялык жыргалчылыгын сактоо фактору катары туруктуулукту өнүктүрүү" жана "коомдун жыргалчылыгынын фактору катары лингвистикалык коопсуздук" көрсөтүлүп, психологиялыкмастер-класстары, треннингдер өткөрүлдү.

Конференциянын күн тартибинде заманбап адамдын жыргалчылыгынын психологиялык жана социалдык-маданий аспектилерин көп тараптуу багытта изилдөө болду. Бул тема "Артыкчылык 2030" программасын ишке ашыруу алкагында Урал федералдык университетинин маанилүү изилдөө багыттарынын бири.

Иш чаранын соңунда конференцияга алыскы Россиядан келген УрФУнун жамаатына жана башка мамлекеттерден келген окумуштууларга терең ыраазычылык билдирүү менен, мындан ары да бул темада жолугушууларды, илимий иш-чараларды, түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүп туруу пландаштырылды. СГИФтин жамааты о.э. КУУнун ректоратына, «Университет» пансионатынынкызматкерлерине, бириккен профсоюз комитетинин жетекчилигине жана мүчөлөрүнө терен ыраазычылыктарын билдирет.

02

04

06

08

10

12

16

18

20

24

30

32

34

36

38

Шайылдаева А.К.А.Табалдиев атындагы социомаданий социологиялык изилдөө борборунун директору 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 599 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары