Жекшемби, Ноябрь 27, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Министрликтин бөлүм башчысы илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме өткөрдү

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москва шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык тегерек столго катышты

00

2022-жылдын 24-мартында кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Евразия элдеринин ассамблеясы, В.М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка элдеринин институту, Россия гуманитардык мамлекеттик университетинин "Дорджиев этногеосат" илимий-студенттик бирикмеси тарабынан өткөрүлгөн "Роль коренных малочисленных народов Евразии в общественной дипломатии" аттуу эл аралык илимий-практикалык тегерек столго катышып, "Этнос аралык коммуникация жана этностор аралык мамилени жакшыртууда тилдин ролу" деген темада билдирүү жасады. 

Иш чараны Башкы катчынын биринчи орун басары – Евразия элдеринин ассамблеясынын Башкы катчылыгынын жетекчиси, Россия Федерациясынын Президентине караштуу этностор аралык мамилелер боюнча Кеңештин мүчөсү, Россия Элдер Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы, С.К.Смирнова ачты.

Жыйында эксперттер өз докладдарын презентация кылышты жана алар суроо-жооптор менен коштолду. Тегерек столдо окумуштуулар төмөнкүдөй маселелерди  талкуулашты:

  • Элдик дипломатия — элдердин шериктештигинин куралы;
  • Улуттук иденттүүлүктүн калыптанышында эне тилинин ролу;
  • Жергиликтүү аз сандуу элдин атактуу адамдарынын дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы;
  • Жергиликтүү элдердин кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгү улуттук жана эл аралык деңгээлде;
  • Евразиянын аз сандуу элдеринин баалуулуктары жана салттары. 

Аталган маселелердин тегерегинде  окумуштуулар өз ой-пикирлерин ортого салышты.

Тегерек столдун экинчи бөлүгүндө Россия гуманитардык мамлекетик университетинин "Дорджиев этногеосат" илимий-студенттик бирикмесинин студенттери баяндамаларын жасашты.

02

08

10

12

14

16

18

Гүлжамал Жаманкуловакыргыз тил илими кафедрасынын профессору 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 521 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары