Жума, Октябрь 07, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда “Мамлекеттик тил - улуттук нарктын пайдубалы” аттуу конференция болуп өттү

Ректор Түркмөнстандын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда журналисттик кадрларды даярдоонун проблемалары менен талаптары талкууланды

0

2021-жылдын 4-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика факультетинин ага окутуучусу, журналист, акын, жазуучу Айбек Түмөнбаевдин 60 жылдык юбилейине жана 7-ноябрь - Улуттук басма сөз күнүнө арналган “ХХI кылымда журналисттик кадрларды даярдоонун проблемалары жана учурдагы талаптар” деген темадагы тегерек стол болуп өттү. Иш чараны Улуттук университеттин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, куттуктоо сөзүн айтты жана университеттин жетекчилигинин атынан юбилярга белектерди тапшырды.

Андан кийин чыгып сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин мазмундуу баяны студенттерин кызыгуусун арттырып, белек катары алып келген тарыхый китептери алар үчүн баалуу белек болуп калды.

Түрк кеңештин башкы катчысынын орун басары, КР эл жазуучусу Султан Раев алыскы Туркия мамлекетинен юбилярга видео-куттуктоосун жолдогон соң, Айбек Рабаевич Түмөнбаевдин 60 жылдык юбилейине арналган  фильм тартууланды.

Иш чаранын жүрүшүндө факультет деканы Айна Дуйшекеева, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КУУнун ардактуу профессору Абдиламит Матисаков, “Сары Өзөн Чүй” мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору Калыбек Тайтекеев, спорт журналисти Кабыл Макешов, эркин журналист Гүлзада Шаршеналиева, КР Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматынын жетектөөчү адиси Элмира Мадиева, Биринчи радионун баяндамачысы Таалайкул Чабдарова жана ушул эле радионун журналисти Зинакан Кайыпова юбилярды куттуктоо менен, тегерек столдун темасынын алкагында баяндамаларын окушту.

Иш чаранын соңунда Айбек Түмөнбаевдин сөзүнө жазылган “Арман” аттуу чыгарма белгилүү ырчы Жаннета Бобкованын аткаруусунда жаңырып, факультеттин студенттери агайдын ырларынан көркөм окушту.

Журналистика факультетинин жалпы жамааты кесиптештерди келе жаткан Улуттук басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ошондой эле юбиляр Айбек Рабаевич Түмөнбаевге бекем ден-соолук, узак өмүр, аманчылык, кесиптик ишмердигинде жана чыгармачылыгында ийгилик  каалайбыз! Мындан ары да  жаштардын устаты, жамаатыңыздын сыймыгы болуп, алдыңкы катарда жүрө беришиңизге тилектешпиз!

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

48

50

52

54

press knu 2021

Айсулуу Советова – кафедранын методисти

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 538 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары