Жекшемби, Октябрь 24, 2021

Юридика факультетинин футболчулары профкомдун өтмө кубогун жеңип алды

Билим кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата 2021-жылдын 1-2-октябрь күндөрү Улуттук университеттин администрациясы менен профсоюз комитети мини-футбол боюнча кесиптик бирлик комитетинин өтмө кубогу үчүн түзүмдөр аралык блиц-турнир өткөрдү. Мелдешти окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров ачып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Таймаштардын жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээлеген юридика факультетинин футболчуларына профком жана демөөрчүлөр тарабынан 7000 сом, 2-орунду ээлеген факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасына 4000 сом, ал эми 3-орунду ректораттын командасына 3000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Турнирде эң мыкты оюн көрсөтүп, көрүүчүлөр менен калыстардын алкоосуна ээ болгон Базарбаев Эрлан "эң мыкты дарбазачы", Бусурманкулов Асылбек "эң мыкты оюнчу" аталды. Аларга 1000 сомдон акчалай сыйлык берилди.

Оюндун аягында белектер, эң башкысы - өтмө кубок, дипломдор берилип, жалпы командаларга жашообуз балдай таттуу болсун деп демөөрчүлөр тарабынан бал берилди. 

Бул болуп өткөн мини-футбол боюнча турнир университет үчүн, жалпы жамаат үчүн жакшы жаңылык болуп, окутуучулар, бөлүмдөр арасындагы ынтымакты бекемдеп, топтор аралык ыкчамдыкты, биригүүнү жаратты.

Аталган оюнга университетте эмгектенген сыймыктуу агаларыбыз - Ооган согушунун ардагерлери, "Брабус" авто-мектеби, "Центр мёда" , ОсОО «Дары Тянь-Шаня» ишканалары демөөрчүлүк кылышты.

Урматтуу кесиптештер, кесиптик майрамыңыздар кут болсун! 

02

04

06

08

10

12

14

16

18

19

20

22

23

24

26

28

29

30

31

32

33

37

39

40

42

44

Айбек Түмөнбаев: 

- Профсоюз уюмунун кубогу кызыктуу  өттү. Айрым оюнчуларга азил аралаш ыр жаздым.

Урмат Алтымыш уулуна (ректорат командасы )

Электрик Урматым

Оюнда талбас тулпарым.

Тарыхчылар утулду

Улам топту чубаттың.

Он ноль менен сулаттың.

Айдарбеков Мырзаким (экономфак командасы)

Бир койлук бөрү карыса

Мырзаким күчтүү чал тура.

Физматтан бала кочкорлор

Чыга албай койду алдына

Мародона агайга.

Тынчтык Карыбеков (дене тарбия командасы)

Топту дагы талаштың,

Топту кууп баратың...

Сол бут менен тебесиң,

Оң бут  менен тебесиң,

Акыры сен жеңесиң.

Азим Жүндүбаев (матфак командасы)

Алтынчы номер Азимим,

Аракетиң күч болду.

Кыргыйдай шуу деп учасың,

Шумдук топту кууганың.

Ректоратты утасың,

Даңкын чыгар матфактын.

Казыбек Атамырзаев (тарыхчылар командасы)

Карыбапсың Казыбек

Көкөлөйт бутту көтөрсөң.

Чабуулда да ойнодуң,

Дарбазаны коргодуң.

Мырзакимден сомдолдуң

Ырды тактап, оңдодум.

Асылбек Бузурманкулов (ректорат командасы)

Асылдын жашыл формасы,

Алгыр куштай сызганы.

Атагы чыккан Пеледей

Укмуш экен удары.

Мырзакимди туштачы.

Базарбаев Эрлан ( юрфактын командасы)

Эрлан жакшы топ тосту,

Шумкардай шылуун достору.

Топ теппе болду жутунуп,      

Матфак калды утулуп...

Оюнду турдуң курчутуп.

Максат (матфактын командасы)

Максаттын жолу оң болсун,

Тепкен тобу гол болсун.

Дайырга шашпай пас бердиң,

Жигитсиң абдан кең пейил.

Жеңишке жеттик, эрдедиң.

Тайыр (матфактын командасы)

Тайыр ойноп дардаңдап,

Далай топту киргизди.

Алымбектен ал кетип,

Алсыздыгын билгизди.

Мырзакебиз бапайды,

Тарыхчылар жапайды.

Рахатбек  (дене тарбия командасы)

Алгыр куштай Рахат

Атырылып ойноду.

Алкымдап алды Асылды,

Көрбөпмүн мындай баатырды.

Сол буттун күчтүү соккусу.

Болот (юрфактын командасы)

Болот деген баатырдын

Болуп турган убагы.

Юрфакты коргоду.

Жалпайта тээп Тынчтыкты

Далай жанды тынчытты.

Аскар (юрфактын командасы)

Сегизинчи номердин

Секириши мыкты экен.

Профкомдун Кубогун

Жеңип алды юрчен.

Айбек Түмөнбаев (ырлардын автору, матфактын командасы)

Байгебизге бал алдык,

Байбичени алдайлык.

Аман-эсен кубанып

Үйгө кайтып бараттык.

2. 10.  21

press knu 2021

Эльнура Шакирова - профкомдун жетектөөчү адиси