Ишемби, Сентябрь 18, 2021

Ректордун Майраш Базлакуновага берген интервьюсу

Абитуриенттерди каттоо-2021

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Айсулуу Тыныбекованы машыктырган Түгөлбай агай

00

Ар бир эле белгилүү, дүйнөгө атагы чыккан инсандын жаш кездеги мүмкүнчүлүгүн байкап, жолун ачкан алгачкы окутуучулары болот. Ошондой адамдардын бири Улуттук университеттин факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын доценти, кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Түгөлбай Базакечев. Ал Токиодогу жайкы Олимпиаданын эркин күрөш боюнча күмүш медалынын ээси, аталган спорттун түрү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын алгачкы машыктыруучуларынын бири болгон. Бул тууралуу Түгөлбай агай төмөнкүлөрдү айтып берди:

"2009-жылы кышкы каникулда Айсулуунун эжеси Асел Улуттук университеттин күрөш залына келип, сиңдисин мага тапшырды. “Айсулуу күрөшкө кызыгып жүрөт, машыкса бир нерсе чыгабы?” деп сурады. “Машыгууга катышсын, көрөлү” дедим.

Болочок чемпиондун кыймылы тез, абдан шамдагай, күрөшкө керектүү көнүгүүлөрдү билээри дароо эле байкалды. Машыгуу учурунда балдар жасаган көнүгүүлөрдүн баарын аткарып жатты. Физикалык жактан башка кыздарга караганда абдан күчтүү болчу. Залда канат бар эле, "чыгып көрчү" десем, ошол замат эле эки-үч жолу чыгып, башкаларды таң калтырган.

Айсулуу ал кезде Кочкордогу мектептин 10-классында окуйт экен. Ошондон баштап менин колумда машыгып калды. Күндө спаринг кылып, эки-үч бала менен ыкмаларды кайталачу.

Биринчи катышкан мелдеши 2009-жылдын март айында Бишкекте өткөн эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чоң кыздар арасындагы чемпионаты болду. Ошол мелдеште Айсулуу 2-орунду ээледи. Андан кийин, апрель айында Бишкек шаарынын биринчилиги болуп, анда да 2-орунду ээледи. Июнь айында өспүрүмдөр жана кадеттер арасындагы мелдеште биринчи орунду ээлеп, Кыргызстандын курама командасына мүчө болгон. Ошол эле жылдын август айында Азия чемпионатына катышкан.

Сентябрь айында Жал кичирайонундагы №72-мектептин 11-классына которулуп, үйү жоктугунан менин үйүмдө жашап, машыгып жүрдү.

Андан кийинки ийгиликтери эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков агайы аркылуу болуп жатат.

Айсулуу курама командага мүчө болгондон кийин анын көп атаандаштарын кийинки мелдештерде көрбөй калдым. Ошол убакта ал өзүнүн салмагында башка кыздарга караганда күчтүү болчу".

PS: Фейсбуктагы окурманыбыз Bayan Arunova билдиргендей, Айсулуу Тыныбекованын Кочкордогу тренери Максатбек Кенжекараев болуптур.

 baz

ais 01

ais 02

ais 03

ais 04

baz 01

baz 02

press knu 2021

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 404 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Рахат 07.09.2021 15:12
    Здравствуйте можно ли перевестись с БГУ на Национальный университет

    Толугу менен...

     
  • мерим 24.08.2021 13:53
    я учусь на факультете юриспруденция, могу ли я перевестись на педагогический 2

    Толугу менен...

     
  • Асель 21.08.2021 10:45
    Колледж английский переводчика канча жыл контракт канча

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Нурпери 02.09.2021 17:38
    Саламатсызбы мен быйыл 2-курсмун Иностранныйфаку льтет котороюн дедим эле прием канчанчы числого чейин ...

    Толугу менен...

     
  • Миргул 14.08.2021 13:54
    Саламатсыздарбы быйыл КНУ да окуу онлайн болобу же оффлайн ушуга жооп берип коюнуздарчы сураныч????????

    Толугу менен...

     
  • Баян Раимкулова 28.07.2021 21:57
    Здравствуйте!Я поступила в факультет биологии в 2021году.Как можно заселиться в общежитии?

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары