Жума, Июнь 18, 2021

Профессор К.Нурбековдун жаркын элесине арналган жыйын болуп өттү

КУУда профессор Жумадил Бактыгуловдун 85 жылдык мааракесине аралган ИПК болуп өттү

002021-жылдын 19-майында башкы имараттагы кичи жыйындар залында көрүнүктүү тарыхчы, илимпоз, педагог, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Жумадил Сапалович Бактыгуловдун 85 жылдыгына жана жаркын элесине арналган «Илимге жана билим берүүгө арналган өмүр» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жыйынды тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Туратбек Сырдыбаев ачып, сөз кезегин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алаханга (Тиллебаевге) берди. Ал Жумадил Сапалович тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, ректордун атынан конференциянын ишине ийгиликтерди каалады..

Көрүнүктүү тарыхчы, илимпоз тууралуу Президенттик администрациясынын бөлүм башчысынын орун басары, Жумадил агайдын окуучусу Октябрь Капалбаев сөз сүйлөдү.

Жумадил Сапалович Бактыгуловдун 85-жылдык мааракесине арналган видео тасма көрсөтүлгөң соң, пленардык жыйын башталып, төмөндөгү баяндамалар окулду: 

  • Ормушев Асан – Эл аралык Кувейт университетинин ректору, т.и.д., профессор: “Тарыхый инсандарды изилдеген окумуштуу”
  • Молдокасымов Кыяс – “Мурас” коомдук фондунун төрагасы, т.и.к., доцент.

  • Жакыпбеков Жаныбек – Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, т.и.д.: “Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы илимине эмгеги сиңген окумуштуу”

  • Асанканов Аблабек. –  УИАнын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору. УИАнын корреспондент-мүчөсү, т.и.д., профессор

  • Абдырахманов Төлөбек – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д., профессор

  • Момбекова Жыргал Канаевна – Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, т.и.к.: “Ж.С. Бактыгылов – чыгаан окумуштуу”

  • Самиева Жамбила – И.Арабаев атындагы КМУнун профессорунун м.а., т.и.к.: “Профессор Дж.С.Бактыгуловдун Ата Мекен тарыхын изилдөөдөгү салымы”

  • Темирбаев Бердигул - Кыргыз мамлекеттик авиация институтунун доценти, т.и.к.: “Профессор Ж.С.Бактыгуловдун илимий ишмердүүлүгү жана агрардык тарыхтын ХХ кылымдагы маселелери”

  • Сапалова Дария – к.и.н., доцент (Северо-Восточный федеральный университет им. М.К.Аммосова, РФ): “Школа профессора Дж.С. Бактыгулова”

  • Асанов Темиркул – Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент: “Ж.С. Бактыгуловдун илимий-чыгармачылык мурасы”.

Жыйындын соңунда Жумадил Сапаловичтин үй-булөсүнүн жана туугандарынын атынан окумуштуунун инилери Асан менен Абдыралы сөз сүйлөп, конференциянын катышуучулары менен уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

04

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

press knu 2021

 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 2156 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Мелис 05.06.2021 14:09
    Мен программистке тапшырайын деген элем кантракт канча кандай тапшырса болот 9класстан кийин

    Толугу менен...

     
  • Бегайым 30.05.2021 14:11
    Саламатсызбы тарых факультети барбы контракт канча?

    Толугу менен...

     
  • Gulzat 07.05.2021 18:54
    Программистерди н контрагы канча?

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Ибраев Искендер 18.05.2021 18:13
    Саламатсызбы, мен окуудан отчисления болуп кеткем. Бюджет окучумун. Аттестат жана башка документттерди ...

    Толугу менен...

     
  • Медина 10.05.2021 22:30
    Саламатсызбы! Сессия убагында академия алууга мумкунбу

    Толугу менен...

     
  • Батма 07.05.2021 11:34
    Саламатсыздарбы Мен азыркы учурда Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары