Шаршемби, Апрель 14, 2021

Нооруз майрамыңыздар менен!

00

Урматтуу билим берүү жана илим кызматкерлери! Сиздерди жаздын, жаңылануунун жана кайра жаралуунун Улуу майрамы - Нооруз менен чын дилден куттуктаймын! Кыргыз Республикасында 21-март элдик Нооруз майрамы катары жарыялаган мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти 1991-жылдын 1-февралында кол койгон. Бул биздин эгемен өлкөнүн тарыхында кыргыз элинин улуттук каада-салттарынын кайра жаралуусундагы көрүнүктүү окуя болуп калды. Кыргызстандыктар Ноорузду мына быйыл 30чу жолу салтанаттуу түрдө майрамдап жатабыз.

Элибизде Нооруз деген сөздү перс тилинен которгондо «нав» — жаңы жана «руз» — күн деген эки түшүнүктөн алып жүрүшөт, «жаңы күн», башкача айтканда чыгыш элдеринин табигат мезгилин сүрүштүрүүдө колдонулган — күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирээрин айтышат. Эң оболу анын жер шарында климаттык циклдин (жаз, жай, күз, кыш) ар жылы алмашуусу менен байланышканы талашсыз, тагыраак айтсак жаратылыш күчтөрүнүн кайра жаралуу мезгили – жаз менен байланышкан. Байыркы ата-бабаларыбыз жер планетабыздын жашоосунда кезектеги жаңы жылдын келишин кабарлаган жашыл чөптөрдүн пайда болушун толкундоо жана урматтоо менен күтүшкөн.

Кыргыздар Нооруз майрамын жаз мезгилинде күн менен түндүн узактыгы теңелген күнү белгилешкен. Бул жаңы жыл майрамы үчүн адатта күн мурунтан даярданышып, бири-бирине бакыт-таалай, ырыс, тынччылык менен жыргалчылыкты каалашып, элдешишип, таарынычтарды кечиришип, жана күнөөлөрдөн тазалануу, өмүр менен кош айтышкан тууган жана жакын адамдарды эскерүү менен бирге өзгөчө маанайда салтанаттуулукта өткөрүшкөн. Жаңы жылдык таттуу тамак катары таанылган – сүмөлөк жана улуттук тамак – чоң көжө майрамда милдеттүү түрдө жасалган. Жаңы жылдын келиши менен табакка салынган кургак арчанын талын чатырата күйгүзүп, аңкыган анын жыты менен боз үйдүн ичин аласташкан.

Быйыл да баарыбыз Нооруз майрамын жаркын маанай менен тосуп олтурабыз. Баарыңыздарга узун өмүр, ачык көңүл, иштеги ийгиликтерди, жамааттардагы ынтымакты, мамлекетибизден татыктуу эмгек акыны жана мыйзамдуу колдоолорду көрсөтүшүн каалайм! 

04

Майрамдык куттуктоо жана терең урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу

Кыргыз улуттук университетинин профсоюз комитети.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1584 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Дарина 24.03.2021 21:14
    Саламатсыздарбы ,мен быйыл 2021ж Бишкек медициналык колледжи бүтөм анан КНУга биохим факультетине ...

    Толугу менен...

     
  • Гульмира 27.02.2021 23:13
    Саламатсыздарбы ?биология жана химия факультеттери жонундо толук маалымат бериниздерчи.

    Толугу менен...

     
  • Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
    Саламатсыздарбы ! Мен азыркы учурда Адам университетинин 1 курсунда экономика факультетинде окуйм . 1 ...

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Мээрим 31.03.2021 17:51
    Саламатсызбы менин уулум былтыр мектепти аяктаган, орт тапшырган, бирок окууга тапшыра албай ...

    Толугу менен...

     
  • Адинай 14.03.2021 17:55
    Саламатсызбы? Кайсы факультеттерде бюджетттик орундар бар?

    Толугу менен...

     
  • Усонов Умот 03.03.2021 15:26
    Здравствуйте, я Студент из МУКР 2 курс, можно ли перевестись на Стамотологическ ий факультет

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары