Жекшемби, Октябрь 24, 2021

Улуттук университетте Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди

КУУда К.Карасаевдин 120 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү

0

2021-жылдын 26-январь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда кыргыздын алгачкы лексикографы, УИАнын ардактуу академиги Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган "Даанышман баскан даңктуу жол" аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев алып барган жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, куттуктоо сөзүн айтты.

Проректордун сөзүнөн кийин кыргыз элинин улуу мудариси жөнүндө кыргыз филологиясы факультетинин студенттери тарабынан даярдалган видео-тасма көрсөтүлүп, Кусейин Карасаев тууралуу эскерүүлөр айтылып, төмөндөгү баяндамалар окулду:

  • Мелис Абакиров - КР эл жазуучусу: "Молдо Кылычтын жана Осмонаалы Сыдык уулунун китептеринин жарыяланышына К.Карасаевдин өзгөчо камкордугу"
  • Тенти Орокчиев - КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер: "К.Карасаев аксакал менен болгон маектер"
  • Гүлжамал Жаманкулова - кыргыз филологиясы фаультетинин профессору: "К.Карасаев - лексикограф"
  • Ишенбек Султаналиев - ф.и.к., профессор: "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү боюнча сунуштар"

  • Абакиров Курманбек - ф.и.к., доцент, кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы: "К.Карасаевдин Караколдогу ишмердүүлүгү"

  • Алишер Ибраимов - "К.Карасаевдин 120 жылдыгынын Кыргызстанда белгилениши".

Конференциянын жүрүшүнөн репортаж

01

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

24

26

28

30

32

34

К.Карасаев тууралуу кыскача маалымат

Кыргыз элинин улуу мудариси, КР УИАнын ардактуу академиги, профессор Кусейин Карасаев 1901-жылы Түп районунун Кең-Суу айылында төрөлгөн. Жаш кезинде эски мусулман мектебинен, 1914-жылы Каракол шаарында орус-тузем мектебинен окуган. 1916-жылы качкындар менен кошо Кытай жерине барып, 1921-жылы Ысык-Көлго кайтып келет да, Кең-Суу айылревкомунда катчы болуп иштейт. 1924-жылы Ташкендеги Казак-кыргыз эл агартуу институтунда окуп жүргөндө «Эркин-Тоо»    газетинде котормочулук, корректорлук иштерди аткарат. 1928-жылы Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш элдери нститутуна кирип, 1931 -жылы түркология факультетин бүтүрүп чыгат. 1931-40-жылы Кыргыз маданий-курулуш илим изилдөө институтунда, 1941-55-жылдары Тил, адабият жана тарых институтунда илимий кызматкер, 1951-74- жылда Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУда) доцент, профессор болуп эмгектенген.

К.Карасаев кыргыздын бардык алфавиттерин, алиппелерин түзүүгө катышкан. 1927-жылы И.Арабаев менен бирдикте чоңдор үчүн «Жаңылык» жана «Сабат ачкыч» деген алиппелерди жазган.

К.Карасаев - Кыргызстандагы сөздүк түзүү илимине (орфографиялык, кош тилдүү котормолуу сөздүктөрдү, лингвистикалык-этимологиялык сөздүктөрдү) негиз салгандардын бири.

1938-жылы «Кыргыз тилинин орфографиялык (имласынын) сөздүгүн» жазууга катышып, 1956-жылы Ю.Яншансин менен

«Орфографиялык сөздүктү» түзөт. Кийин аны толуктап, эки жолу бастырып (1966,1983) чыгарган. 1971-жылы А.Карасаева менен бирге «Түгөйлүү сөздөр» деген эмгекти жазган.

Кош тилдүү-котормолуу сөздүкторү: 1938- жылы «Кыргызча-орусча-кыргызча создүк» (И.А.Батманов менен бирге), 1944-жылы «Русско-киргизский словарь» (Ж.Шүкүров, К.К.Юдахин менен бирге), 1957-жылы «Русско-киргизский словарь» (башкалар менен бирге), «Кыргызча-орусча сөздүктү» түзүүгө катышкан.

Лингвистикалык-этимологиялык создүктөрү:

1986: «Өздөштүрүлгөн сөздөр»;

1987: «Накыл сөздөр» (2 китеп);

1990: «Камус наама»: («Манас» сөздүгү);

1992: «Камус наамадан жороп»;

1996: «Камус нааме»;

1998: «Миң түркүн суроого миң түркүн жооп» ж.б.

Кыргыз фольклористикасы, адабият таануу, котормо теориясынын телчигишине да салым кошкон. К.Карасаев «Манас», «Кыргыз ырларынын түзүлүшү», «Котормо жайында» деген макалаларды жарыялап, «Семетей» дастанын, жомокторду жыйнап, аларды жазып алган. А.М.Г орький,  А.Радищев, Л.Крючковский, Р.Тагор, Го-Мо-Жо сыяктуу жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

К.Карасаев тил илимине, эл агартуу жана басма иштерине кошкон салымы үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени, биринчи даражадагы «Манас» ордени, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Эл аралык «Даанышман», К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыктарды  алды. “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамга татыктуу j болду.

press knu 2021

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 712 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Рахат 07.09.2021 15:12
    Здравствуйте можно ли перевестись с БГУ на Национальный университет

    Толугу менен...

     
  • мерим 24.08.2021 13:53
    я учусь на факультете юриспруденция, могу ли я перевестись на педагогический 2

    Толугу менен...

     
  • Асель 21.08.2021 10:45
    Колледж английский переводчика канча жыл контракт канча

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Нурпери 02.09.2021 17:38
    Саламатсызбы мен быйыл 2-курсмун Иностранныйфаку льтет котороюн дедим эле прием канчанчы числого чейин ...

    Толугу менен...

     
  • Миргул 14.08.2021 13:54
    Саламатсыздарбы быйыл КНУ да окуу онлайн болобу же оффлайн ушуга жооп берип коюнуздарчы сураныч????????

    Толугу менен...

     
  • Баян Раимкулова 28.07.2021 21:57
    Здравствуйте!Я поступила в факультет биологии в 2021году.Как можно заселиться в общежитии?

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары