Ишемби, Сентябрь 19, 2020

Профкомдун төрагасынын Эгемендүүлүк күнү жана Билим майрамы менен куттуктоосу

00

Урматтуу кесиптештер, уюткулуу Улуттук университетте эмгектенген жалпы кызматкерлер, студенттер. Сиздерди алдыда келе жаткан кош майрам менен куттуктайм! Эгемен өлкөбүздүн эртеңи жарык шоола чачып, келечегинин керегеси кең болсун! Бул эгемендүүлүк күнүнө элибиз оңой-олтоң эле келип жеткен жок. Нечендеген ашууларды, кырларды басып өтүп, мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн, көз каранды эместигин, өз алдынчалыгын, суверендүүлүгүн сактап калышты. Бул эгемендүүлүк биз үчүн, келечек жаштар үчүн муундан муунга кала турган асыл таберик.

1-сентябрь билим ачкычы. Баардык дүйнөгө жол салган билимдин башаты катары эчен жылдан бери бул күндү самап күтөбүз. Дал ушул күнү билимге умтулуп, илимге суусап, окууга кадам таштап жаткандардын кадамдарды байсалдуу, арыштары кенен, ой-тилек максаттары бийик болуп, аларга билим бере турган мугалим, устаттардын ишине ийгилик, бекем ден соолук каалайм!

Эгемен өлкөбүздө ар дайым амандыктын, илим билимдин, тынчтыктын желеги желбиреп турсун! Туу түбүндө айланган эмес, туу көтөргөн эр азаматтар көп болсун.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети мамлекетке, мекенге ар тармакта кызмат кыла турган, эң билимдүү, эң мыкты жаш кадрларды, кесипкөй билгич адистерди даярдап, аларды уядан учуруп, ал эми жыл сайын кайрадан жаңы студенттерди жылуу тосуп алып, аларга билимин берип, мээримин төгө берет.

Майрамыңыздар менен!

08

10

Урматтоо менен,

профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 484 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер