Бейшемби, Август 13, 2020

КУУда профессор Артыкбаев Мэлс Табалдиевичтин 80 жылдыгы белгиленди

00

2019-жылдын 20-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, философия илимдеринин доктору, саясий илимдердин доктору, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника боюнча КР мамлекеттик сыйлыгынын ээси Артыкбаев Мэлс Табалдиевичтин 80 жылдыгына арналган "Экинчи саясий окуулар: теория жана практика" аттуу юбилейлик илимий конференция болуп өттү.

Жыйындын модераторлук милдетин аткарган социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек юбилярдын эмгек жолу, илимий ишмердүүлүгү жана эмгектери жөнүндө кыскача маалымат берген соң, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров М.Т.Артыкбаев илимдин бардык тепкичтерин басып өткөн, илимдин 3 докторун, 25 кандидатын даярдап, өзүнүн илимий мектебин түзгөн ири окумуштуу экендигин белгилеп, агай менен Улуттук университеттин бүткүл жамааты сыймыктанаарын билдирди.

Филология жана саясат таануу илимдеринин керегесин калап, түндүгүн көтөргөн ири окумуштуу Мэлс Табалдиев Артыкбаевди  кутман курак мааракеси менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Осмон Тогусаков, КУУнун мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева ж.б. куттукташты.

Илимий конференциянын пленардык отурумунда төмөндөгү баяндамалар жасалды:

  • Турар Койчуев - УИАнын академиги: "Политическая наука в системе социально­гуманитарных наук”
  • Алим Дононбаев - КУУнун эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин профессору: “Профессор Артыкбаев М.Т. и политическая наука в Кыргызстане”
  • Бактыкан Торогельдиева - КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору: "Трансформация политической культуры в Кыргызстане”
  • Бакытбек Малтабаров - Кыргызстандын социологиялык ассоциациясынын вице-президенти, К.КАрасаев атындагы БМУнун социология кафедрасынын доценти: “Трёхгранный герой нашего времени: взгляд социолога”
  • Мэлс Артыкбаев - УИАнын корреспондент мүчөсү, философия илимдеринин доктору, саясий илимдердин доктору, профессор: “Проблемы и перспективы развития политической науки в Кыргызской Республики”.

Тыныгуудан кийин конференциянын иши "Заманбап саясат таануунун методологиялык аспектилери", "Саясий илимдин өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары жана аны окутуунун инновациялык методдору" деп аталган секцияларда улантылды.

02

04

06

08

09

12

16

10

18

20

24

26

34

36

38

40

42

44

46

48

52

54

56

57

58

59

62

74

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 455 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары