Четверг, Ноября 21, 2019
kg_m RU

Сырдыбаев Туратбек тарых факультетинин деканы болуп дайындалды

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУда теоретикалык жана колдонмо математиканын актуалдуу проблемалары талкууланды

00

2019-жылдын 18-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында көрүнүктүү окумуштуу жана педагог, профессор Леонид Евгеньевич Кривошеиндин 100 жылдыгына арналган "Теоретикалык жана колдонмо математиканын актуалдуу проблемалары" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, Леонид Евгеньевич баскан-турганы, студенттер менен болгон мамилеси эле жаштарга тарбия болчу нукура педагог, насаатчы болгонун, анын эмгектери КУУнун эле эмес, бүт Кыргызстандын илимин өнүктүрүүгө зор салым кошконун белгилеп, конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.

Көрүнүктүү окумуштуу жана педагог тууралуу эскерүүлөрүн УИАнын математика институтунун директору, ф.-м.и.д, профессор, академик Алтай Бөрүбаев, КУУнун маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин программалык инженерия кафедрасынын профессору, ф.-м.и.к., профессор Токтогазы Аманкулов, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий-методикалык борборунун директору, п.и.д., профессор Шаршенбек Алиев, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, техн.и.д. Маматкадыр Ашырбаев айтып беришти.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияда төмөндөгү баяндамалар окулду:

  • Бараталиев Керим Бараталиевич - КУУнун математика жана информатика факультетинин математикалык анализ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор: "Кривошеин Леонид Евгеньевич – крупнейший ученый и педагог". Баяндаманын соңунда ал өзү жетектеген математикалык анализ кафедрасына Л.Е.Кривошеиндин наамын ыйгаруу жөнүндө сунушун айтты.
  • Алтай Бөрүбаев - УИАнын математика институтунун директору, ф.-м.и.д, профессор, академик: "Об одном обобщении метрических, нормированных и унитарных пространств"
  • Павел Панков - УИАнын мүчө-кореспонденти, ф.-м.и.д., профессор: "Математические модели возрастания энтропии в почти замкнутых системах".

Пленардык жыйындан кийинки тыныгуудан кийин конференциянын иши "Интегро-дифференциалдык теңдемелер", "Геометрия жана топология", "Оптималдык башкаруу теориясы" жана "Математикалык экономика жана билим берүүнүн заманбап технологиясы" деп аталган секцияларда улантылды.

Секциялык отурумдар аяктаган соң, иш чаранын катышуучулары кайрадан чоң жыйындар залында чогулуп, конференциянын жыйынтыгын чыгарышты.

Жыйындын соңунда мамлекеттик жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) бүгүн математика жана информатика факультетинин математикалык анализ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Бараталиев Керим Бараталиевич 80 жашка толуп жатканын кабарлап, ага "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылаарын билдирди жана сөз кезегин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий иштер боюнча проректору, ф.-м.и.д., профессор Курманбек Алыбаевге берди. Ал окуу жайдын ректорунун атынан Керим Бараталиевичти мааракеси менен куттуктап, К.Б.Бараталиевге "ЖАМУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин токтомун окуп, аталган наамдын атрибуттарын тапшырды. ЖАМУнун делегациясы о.э. Керим Бараталиевичке райондун жетекчилиги тарабынан "Сузак районунун ардактуу атуулу" деген наамды ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганын кабарлап, аталган наамдын күбөлүгүн тапшырды.

К.Б.Бараталиевди 80 жашка чыгышы менен о.э. КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Иванов, Ош мамлекеттик университетинин ректорунун м.а. Кудайберди Кожобековдун атынан ОшмУнун профессору, ф.-м.и.д. Дилмурат Турсунов жана КУУнун математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усенов куттуктады.

01

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

27

28

30

32

34

36

50

54

56

58

60

62

64

66

68

72

74

75

76

78

80

82

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Радио-кафе (Журфак)

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 457 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер