Вторник, Февраля 25, 2020
kg_m RU

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата ММКдагы сабаттуулук талкууланды

0

2019-жылдын 2-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика факультетинин теле-радио журналистика кафедрасы тарабынан Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын 30 жылдыгына карата уюштурулган "Массалык маалымат каражаттарындагы сабаттуулук" аттуу кереге кеңеш өткөрүлдү. Жыйынга "легендарлуу парламенттин" төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов; Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов, КР Президентинин алдындагы Улуттук тил комиссиясынын  жетектөөчү адиси Кутмырза Жакыбалиев, “Кыргыз тили" коомунун президенти Раимжан Курбанов жана ММК өкүлдөрү катышты.

Кереге кеңештин башында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кафедра башчысы Самат Кочербаев “Манас” эпосунан үзүндү айтып, фольклордук ансамбли "Эргиме" күүсүн аткарды.

Жыйынды журналистика факультетинин деканы Айна Дүйшекеева ачып, бүгүнкү иш чара Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткандыгын, мамлекеттик тил - улуттун иденттүүлүгүн аныктаган фактор, коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык чөйрөсүндө адамдар ортосунда карым-катнаштын каражаты экендигин белгиледи жана жыйындын катышуучуларын мамлекеттик тилге байланышкан маселелер боюнча орчундуу ойлорду ортого салууга жана пикир алышууга чакырды.

Кереге кеңештин катышуучуларын ректордун атынан окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров куттуктады.

Иш чаранын темасы боюнча Улуттук тил комиссиясынын жетектөөчү адиси Кутмырза Жакыбалиев, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов, “Кыргыз тили" коомунун президенти Раимжан Курбанов чыгып сүйлөштү.

Теле-радио журналистика кафедрасы тарабынан тартылган "‘Кыргыз телеканалдарындагы мамлекеттик тилдин абалы" видеосюжети көрсөтүлгөн соң, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын улук окутуучусу Нурида Касымбекова “Массалык маалымат каражаттарындагы сабаттуулук” жөнүндө баяндама жасады.

Талкууга Кыргыз радиосунун баяндамачысы Элмира Ажыканова, НТС телеканалынын алып баруучусу Мирзат Муканов, 5-каналдын редактору Гулмира Уметалиева, ЭлТР каналынын кызматкери Нурбек Боркошев, КУУнун кыргыз филологисы факультетинин профессору Ишенбек Султаналиев, басма сөз кызматынын башчысы Жээнбек Эралиев катышты. 

Жыйындын соңунда теле-радио журналистика кафедрасынын башчысы Зарылкан Алымбаева бүгүнкү өткөрүлгөн кереге столдун темасына кайдыгер карабай, атайын келип, баяндама жасап, ой-пикирлерин билдирген инсандарга ыраазычылык билдирди.

01

02

04

05

06

08

09

12

16

26

28

30

34

42

44

46

48

50

52

56

58

60

62

66

68

70

72

80

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 791 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Алина 02.02.2020 19:24
    Здравствуйте, я еще 13го января написала заявление о переводе на другой факультет, но приказ от ректора ...

    Подробнее...

     
  • Мээрим 01.02.2020 11:24
    Здравствуйте, говорили стипендию повышают , значит мы будем получать больше 1000?

    Подробнее...

     
  • Aizirek 17.01.2020 23:10
    Саламатсызбы мен немецкийде 2-курста окуйм. 2019 жылы март айында академический отпуск алгам. Азыр ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Merazhidin 20.02.2020 13:43
    Мурда физ матта метеорология группасы болгон. Азыр барбы?

    Подробнее...

     
  • Эрмек 14.02.2020 21:42
    Саламатсыздарбы мен Нарын мамлекеттик университетинде 1курс окуйм 2 курста которулса болобу жана ...

    Подробнее...

     
  • Asanbai 13.02.2020 11:09
    Саламатсызбы. Менин сиздерге суроом бар эле. Мен шахмат боюнча кыргызстандын биринече жолку чемпиону ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер