Баласагын ТВ - Жаңылыктар

"Кош жылдыз-2019" чыгармачыл сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

002019-жылдын 25-март күнү Кожомкул атындагы Спорт сарайында КУУнун коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулган жогорку окуу жайлар арасындагы "Кош жылдыз-2019" чыгармачыл сынагынын финалы болуп, 1-орунду Ички иштер министрлигинин академиясынын коомдук саясий сабактар кафедрасынын профессору Рауль Дементьев менен милициянын капитаны Назира Абдылдаева ээлешти.

Сынакка борборубуздагы 8 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты:

1. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин жазык процесси жана соттук экспертиза кафедрасынын доценти Дооронбек Нуриев жана соттук-экспертиза кафедрасынын башчысы Толкун Салыбекова ("Кош жылдыз" - сөзү, обону: Дооронбек Нуриев);

2. Кыргыз Эл аралык университетинин мамлекеттик башкаруу жогорку мектебинин директору Төлөнбек Абдыров жана азыркы тилдер кафедрасынын башчысы Алтынай Касымова ("Любовь настала" - сөзү: Р.Рождественский, обону: Р.Паулс);

3. Кыргыз-Түрк Манас университетинин спорт, дене тарбия жана маданият бөлүмүнүн кызматкери Адилет Идрисов жана экономика жана башкаруу факультетинин катчысы Чолпон Молдобаева ("Кайдасың" - сөзү: К.Алмазбеков, обону: А.Керимбаев);

4. Кыргыз улуттук агрардык университетинин колдонмо механика жана физика кафедрасынын доценти Асылбек Исаков жана экономика жана маалыматтар системасы факультетинин жогорку математика, математикалык моделдештирүү кафедрасынын ага окутуучусу Самара Жусупбекова ("Албырып шаттык жүзүңдөн" - сөзү: К.Алмазбеков, обону: Ж.Шералиев);

5. Ички иштер министрлигинин академиясынын коомдук саясий сабактар кафедрасынын профессору Рауль Дементьев жана милициянын капитаны Назира Абдылдаева ("Сүйүү үрөнү" - сезү, обону: Н.Абдылдаева);

6. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы жогорку окуу жайга даярдоо борборунун директору Толкунбек Баймуратов жана №5-окуу имаратынын коменданты Шайыргүл Сартпаева ("Өзгөчөм" - сезү, обону: Б.Алыкулов);

7. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу тарбия иштеринин адиси Данияр Түнгатаров жана политехникалык коледжинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу Бактыгүл Эсенгулова ("Талым кыз менен Көбөктүн айтышы" - сөзү: Т.Молдо, обону: Н.Абдыракманов);

8 Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын гимнастика кафедрасынын окутуучусу Ниязбек Исаев жана тилдер кафедрасынын окутуучусу Уркия Тажибаева ("Бульварым" - сөзү Т.Имашев, обону С.Жумалиев). 

Калыстар тобу:

1. Назым МендебаировТоктоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты (төрага);

2. Алина Ишенбай кызы Бишкек шаарынын маданият башкармалыгын башкы адиси;

3. Тынчтык БугучиевКыргыз мамлекеттик искуство жана маданият университетинин кино жана телевидения факультетинин деканы;

4. Бакыт ТапаевКоомдук телерадио корпорациясынын 1-радиосунун директору, маданияттын мыкты кызматкери

5. Назми Байзаковаэстрада ырчысы

6. Замира Алыбаева - Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын укуктук актылар секторунун башчысы 

7. Калипа Сейдалиева - "Кош жылдыз" сынагынын негиздөөчүсү, маданияттын мыкты кызматкери 

КУУнун ректору Канат Садыков долбоордун катышуучуларына куттуктоо сөзүн айткан соң, чыгармачыл мелдеш башталып, "кош жылдыздар" көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты. Сынакты Улуттук университеттин таланттуу студенттери да коштоп, аягында калыстар тобунун чечими менен сынактын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

1-орун: Рауль Дементьев жана Назира Абдылдаева (Ички иштер министрлигинин академиясы) - Дубайга 2 адамга 3 күндүк жолдомо;

2-орун: Асылбек Исаков жана Самара Жусупбекова (Кыргыз улуттук агрардык университети) - Ысык-Көлгө 2 адамга 1 жумалык жолдомо;

3-орун: Толкунбек Баймуратов жана Шайыргүл Сартпаева (Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы) - телевизор;

4-орун: Төлөнбек Абдыров жана Алтынай Касымова (Кыргыз Эл аралык университети) - микроволновка;

Калган катышуучуларга мультиварка, министрлик менен КУУнун ректорунун ыраазычылык каттары тапшырылды.

logo yt "Кош жылдыз-2019" сынагынан видео-репортаж

( * Видеонун ээси - КУУнун КМБжЖИ боюнча департаменти)

02

06

08

10

38

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

 

40

 

42

44

46

48

50

52

54

56

58

60

62

64

68

70

72

76

80

82

84

88

90

92

94

96

98

98 01

98 02

98 04

98 06

98 08

98 10

98 12

98 14

98 18

98 20

98 22

98 24

98 26

98 28

98 30

98 32

98 35

98 36

98 42

98 44

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 286 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер