Понедельник, Июля 23, 2018
Баннер
Баннер

КУУда Окумуштуулар кеңешинин жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү

002018-жылдын 29-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин 2017/2018-окуу жылындагы жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

  • КУУнун кафедра башчыларын шайлоо;
  • КУУнун жаңы окуу жылына даярдык актысын бекитүү;
  • Окумуштуулар кеңешинин 2017-2018-окуу жылындагы иштерин жыйынтыктоо;
  • Ар түрдүү маселелер.

Окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев кафедра башчылыгына талапкерлердин тизмеси менен тааныштырган соң, эсептөө комиссияларынын мүчөлөрү тандалып, окумуштуу катчы Гүлзыйнат Аркабаева шайлоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берди. Андан соң Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү кафедра башчыларын шайлоого киришти.

Добуштарды эсептөө учурунда, Канат Садыков илимий ишин ийгиликтүү коргоп, ЖАК тарабынан бекитилген КУУнун окутуучуларына  аталган органдын дипломдорун тапшырды, СжГИ факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек дин таануу жана теология кафедрасынын башчысы Толкун Омурованы "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына", фундаменталдык илимдер институтунун директору Николай Бредихин аталган институттун башкы илимий кызматкери Жолборс Жоробековду "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" наамына, ал эми физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов 6-окуу имаратындагы 207-дарсканага профессор Феликс Исидорович Франклдын, 7-дарсканага профессор Ташмат Карашевич Карашевдин ысымын ыйгарууну сунуштады.

Докторлук диссертациялардын темаларын бекитүү жана "КУУнун илимий изидөөлөргө гранты тууралуу жобого" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу баяндаманы илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев жасады.

КУУнун жаңы окуу жылына даярдык актысын бекитүү, Окумуштуулар кеңешинин 2017/2018-окуу жылындагы иштери, КУУнун окумуштууларынын эмгектерине министрликтин грифин алуу жөнүндө окуу иштер боюнча проректор Урмат Аманалиев айтып берди.

Күн тартибиндеги маселелер каралып бүткөндөн соң, эсептөө комиссияларынын төрагалары шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, кафедра башчылыгына төмөндөгүлөр шайланды:

  • Туризм жана рекреациялык география кафедрасы: 

Нарынбек уулу Курманбек

narynbek uulu

  • Ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасы: 

Исаева Венера Карабековна

isaeva

  • Англистика жана маданият аралык байланыш кафедрасы: 

Жаманакова Майрам Болотбековна

jamanakova

  • Теле-радиожурналистика кафедрасы: 

Алымбаева Зарылкан Арстанбековна

alymbaeva

  • Салык жана салык салуу кафедрасы: 

Есеналиева Бактыгул Баховна

esenalieva

  • Банк иши кафедрасы: 

Ташкулова Гульзат Кантороевна

tashkulova

  • Табигый факультеттер үчүн факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы:

Абдимомунова Апал Оморбаевна

abdimominova

  • Гумантитардык факультеттер үчүн факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы: 

Апезова Дилара Урумбаевна

apezova

Белгилей кетсек, КУУнун калган кафедра башчылары Окумуштуулар кеңешинин 2017-жылдын 10-ноябрында, 28-29-ноябрында болуп өткөн отурумундарында шайланышкан.

Жыйындын жүрүшүндө Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э. математика жана информатика кафедрасынын окутуучулары Абдраимова Махабат, Матанова Калыскан жана Намазова Гулизаны ЖАК тарабынан "доцент" окумуштуулук наамын ыйгарууга сунуштоо боюнча макулдугун беришти.

press knu 2018 000 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер

Башкы меню

Пресс меню

Администратордон

Баннер
Баннер

Көп окулган материалдар

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 374 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Студенттердин ?-лору

  • Анаркулова 16.03.2018 17:35
    Саламатсыздарбы ? Универсиаданын женуучулоруно контракт болумундо окуугандарга скидка болобу?

    Подробнее...

     
  • xcxcxc 12.03.2018 16:16
    Саламатсыздарбы 2-курстан кийин башка университеттен сиздердин университетиниз ге экономикадан-юр ...

    Подробнее...

     
  • Эсен 22.01.2018 15:20
    Салам алейкум менде мындай суроо бар...... сиздердин штаб квартиранар каякта суроо толтура каяка ...

    Подробнее...

     
  • Nurislam 20.01.2018 16:51
    Здравствуйте как попасть в команду enactus

    Подробнее...

     
  • Айдана 15.01.2018 22:52
    Добрый вечер, я являюсь студенткой 2 курса дистанционного отделения. Вопросы некоторых предметов ...

    Подробнее...

     
  • Таалайбек уулу Турар 31.12.2017 09:11
    Мен электронный журналымдын пароль логинин алмаштыргам. Озум унутуп калдым такыр кире албайтам .

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Janara 26.03.2018 23:51
    Саламатсызбы?Ме нин суроом бар эле.мен азыркы учутда 10-класста окуйм.он бирди бутуп сиздердин ...

    Подробнее...

     
  • Бека 22.03.2018 13:31
    Саламатсызбы! КНУ нун колледжинде автоэлектрик кесиби боюнча окуу барбы? Болсо кандай документтер ...

    Подробнее...

     
  • кыргыз 20.03.2018 13:52
    1.орт керекби? канча болуш керек 2.пчеловод факультетти барбы :-*

    Подробнее...

     
  • Мээрим 14.03.2018 00:06
    Саламатсызбы мен быйыл 2курсту кыргыз филология болумун аяктайм.Торогон ума байланыштуу окууму сырттан ...

    Подробнее...

     
  • Aygerim 12.03.2018 16:39
    Саламатсызбы? БФЭТ ( финтех ) бутуп заочно тапшырганга ОРТ керекби? Же собеседование менен эле ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Гулиза 21.01.2018 11:56
    саламатсыздарбы ,мен2014-жылы физика жана электроника факультетин аяктагам(бюджет тик орунда).турмушк ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 15.06.2017 14:23
    Бул суроого жооп алуу учун студенттердин суроосу рубрикасына кайрылыныз.

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 13.04.2017 14:46
    Бул суроо боюнча окуу бөлүмүнө кайрылыңыз, толук жооптуу ошол жактан аласыз. Байланыш телефону ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

     
  • Индира 13.03.2018 16:15
    Урматтуу ректор, профком! 8 марта КУУда иштеген айымдардын баарын куттукташ керек! Эн биринчи ...

    Подробнее...

     
  • Искандер 10.03.2018 17:46
    Саламатсыздарбы .Мен Юр.фат-тин студентимин. Биздин факультеттин эжей мугалимдердин кийинген келбеети ...

    Подробнее...

     
  • Айжан 17.01.2018 11:34
    Саламатсыздарбы ,Урматтуу ректор,эмнеге чет тилдер факультетинде оздорунун профессиясынан башка ...

    Подробнее...

     
  • Буркия 14.12.2017 16:00
    Саламатсыздарбы . Студенттер сабактардын айырмасын тапшыруу учун ар бир предметке акча толошот экен.

    Подробнее...

Башка ЖОЖдор менен мекемелердин маалымат каттары жана кулактандыруулары