Вторник, Октября 15, 2019

Факультеттин тарыхы (19.10.2018 жаңыланды)

Кыргыз филологиясы факультети алгач 1925-жылы борбор калаада кыргыз жана орус тил мугалимдерин ыкчам даярдоочу эл агартуу борбору катары негизделген.Кийин аталган борбор кыргыз педагогоикалык техникум болуп уюштурулат.Борбордон улуттук интеллигенциянын алгачкы мууну К.Жантөшев, М.Элебаев, К,Маликов, Ж.Бөкөнбаев, Ж,Турусбеков, Р.Шүкүрбеков, М.Алыбаев ж.б. билим алышкан.

1932-жылы педагогикалык техникумдун базасында кыргыз педагогикалык институту уюштурулган,андагы негизги факультеттерден болуп кыргыз тили жана адабияты бөлүмү саналат. Факультетте көптөгөн мугалимдер кыргыз агартуу системасына,илимине жана адабиятына, маданиятына ат көтөргүс кызмат өтөшкөн. И.Арабаев, Т.Жолдошев, К.Тыныстанов, Б.Данияров ,С.Нааматов, Е.Д.Поливанов, К.К.Юдахин, Б.М.Юнусалиев,К.К.Сартбаев, Х.К.Карасаев, Т.Саманчиндер эмгектенишкен.Факультеттин көрүнүктүү окумуштуулар СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына (К.К.Юдахин), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына (К.Артыкбаев, А.Садыков,С.Жигитов)ээ болушкан. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген (А.Турсунов, А.Садыков,Т.Ахматов, К.Иманалиев, С.Ж.Мусаев), Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген (С.Закиров, Ү.Асаналиев, А.Осмонкулов, И.Исамидинов, С.Шатманов) Эмгек сиңирген мугалим (А.Жапаров, Б.Алымов, Б.Үмөталиев, К.Дыйканов, К.Асаналиев) деген ардактуу наамдарга ээ болушкан. Илимге кошкон олутту салымдары үчүн Б.Орузбаев, А.Эркебаев,А.Акматалиев улуттук илимдер академиясынын академигине,ал эми К.К.Сартбаев, Т.К.Акматов, А.Садыков, А.Турсунов, С.Ж.Мусаевдер мүчө корреспонденттикке шайланышкан.

Факультетти бүтүргөндөрдүн арасында улуттук көркөм адабият менен маданиятка чоң салым кошкон калемгерлер да бар.Кыргыз Республикасынын эл жазуучуларынан жана Эл акындарынан болгон Т.Касымбеков, Ж.Садыков, Ш.Бейшеналиев, М.Байжиев, Б.Жакиев, М.Борбуголов, М.Гапаров, К.Жусупов, М.Тойбаев, К.Асаналиев, К.Артыкбаев, А.Стамов, А.Өмүрканов, О.Султановдор да дал ушул факультетти аякташкан.Мындан сырткары республикабыздагы Т.Усубалиев, К.Кулматов, К.Молдобаев, А.Эркебаев сыяктуу коомдук ишмерлер да билим алышкан.

Азыркы учурда факультетте беш кафедра бар.Буга чейин факультет кыргыз филологиясы боюнча үч адистикти даярдап келсе, азыркы учурда дагы кошумча эки адистик ачылды.Факультетте ондогон илимдин докторлору менен профессорлору,отуздан ашык илимдин кандидаттары жана доценттер эмгектенишет.Факультетти К.Сартбаев, Б.Үмөталиев, Ж.Муканбаев, К.Артыкбаев, А.Осмонкулов, С.Иманалиев, А.И.Мусаев, К.Байжигитов, Н.Ишекеев, Т.С.Маразыков, Б.Байсабаевдер жетектеп келишкен.Ал эми 2014-2015-окуу жылына тартып, профессор Т.С.Маразыков, 2015-2016-окуу жылы ф.и.д.,профессор М.Жумаев, 2017-жылдан бери ф.и.к., профессор Б.А.Жайлобаев факультеттин деканы болуп иштөөдө.

Факультет төмөндөгү багыттар боюнча адистерди даярдайт:

  • Бакалавр: 531000–Филология(кыргыз).Академиялык даражасы–бакалавр. Окуу мөөнөтү–4жыл.
  • Адистик: 550001 – Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде. Билим деңгээли жана квалификациясы – кыргыз тили жанаадабияты боюнча окутуучу. Окуу мөөнөтү – 5жыл.
  • 530003 – Котормо жана котормо таануу (орус тили, англис тили, түрк тилдери боюнча). Билим денгээли жана квалификациясы – адис котормочу. Окуу мөөнөтү – 5 жыл.
  • Сырттан окуу бөлүмү. 531000 – Филология (кыргыз). Окуу мөөнөтү – 5жыл.
  • 550001 – Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде. Билим деңгээли жана квалификациясы – кыргыз тили жанаадабияты боюнча окутуучу. Окуу мөөнөтү – 6 жыл.

Магистратура бөлүмү.

  • 531000 – Филология. Квалификациялык даражасы  – магистр. Окуу мөөнөтү – 2 жыл.Даярдоонун профили – филолог магистр. Окуу мөөнөтү – 2 жыл.Даярдоонун профили – лингвист-магистр.
  • 550300 – Филологиялык билим берүү. Квалификациясы – магистр. Окуу мөөнөтү – 2 жыл.Даярдоонун профили – педагог магистр.