Шаршемби, Февраль 24, 2021

КУУда тогуз коргоол жана мангала боюнча жождор аралык турнир болуп өттү

00

2017-жылдын 15-февралында 6-окуу имаратында тогуз коргоол жана мангала улуттук оюндары боюнча жождор аралык турнир болуп өттү. Мелдештерге Бишкек гуманитардык университетинин,_"Манас" Кыргыз-Түрк университетинин, Эл аралык университеттин жана Кыргыз улуттук университетинин командалары катышты.

Мелдештин калыстар тобуна КУУнун административдик жана чарба иштери боюнча проректору Алымкул Токтомамбетов, эл аралык кызматташтык департаментинин жетекчиси Бакыт Келдибеков, профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков, "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин тренери Аким Нурсейитов жана Түрсоветтин студенттик кеңешинин төрагасы Атилла Гювен мырза кирди.

Беш сааттан ашык убакытка созулган улуттук оюндар боюнча турнирдин жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

Тогуз коргоол боюнча:

Балдар командалары арасында:

1-орун:_"Манас" Кыргыз-Түрк университетини

2-орун:_Кыргыз улуттук университети

3-орун:_Бишкек гуманитардык университети

4-орун:_Эл аралык университет.

Кыздар командалары арасында:

1-орун:_Кыргыз улуттук университети

2-орун:_"Манас" Кыргыз-Түрк университети

3-орун:_Бишкек гуманитардык университети

4-орун:_Эл аралык университет

Мангала боюнча:

Балдар командалары арасында:

1-орун:_"Манас" Кыргыз-Түрк университетини

2-орун:_Бишкек гуманитардык университети

3-орун:_Кыргыз улуттук университети

4-орун:_Эл аралык университет

Кыздар командалары арасында:

1-орун:_Кыргыз улуттук университети

2-орун:_"Манас" Кыргыз-Түрк университети

3-орун:_Эл аралык университет

4-орун:_Бишкек гуманитардык университети

press knu 2017