Бейшемби, Июль 29, 2021

Маалымат технологиялары колледжинин студенттери карыларга жардам беришти

2016-жылдын 1-декабрь күнү кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо, кесипке чейинки жана кесиптик билим берүү факультетинин алдындагы маалымат технологиялары колледжинин студенттери «Боорукерлик, айкѳлдүк - адамдагы эң жакшы сапат» аттуу бир айлык кайрымдуулук акциясынын алкагында жана 3-декабрь - Майыптар күнүнө карата Бишкек шаарындагы улгайган жана мүмүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеге барып, жардам кѳрсѳтүп келишти.

Колледждин студенттери жана окутуучулары карылар үйүнүн тегерегиндеги карларды күрѳп, брусчаткаларды коюшуп, тазалоо иштерин жүргүзүп, жардам кѳрсѳтүштү. Андан соң студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа сунушталды. Концерт учурунда карылар арасында түркүн конкурстар уюштурулуп, белек-бечкектерди тапшырылды.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жана баса албаган жарандар үчүн 90 памперс жана 40 жуп жылуу байпактар белекке берилди. Аталган мекеменин директору Абдулдаева Эркингул факультеттин жетекчилигине, окутуучуларга жана студенттерге алкыш айтып, ыраазычылык катын тапшырды.

Кайрымдуулук акциясы аталган факультетте 2016-жылдын 15-декабрына чейин өткөрүлмөкчү.

press knu 2016 00