Бейшемби, Январь 28, 2021

Тарых жана чөлкөм таануу факультетининде бүтүрүү кечеси болуп өттү

alt2014-жылдын 1-июлунда тарых жана чөлкөм таануу факультетининде бүтүрүү кечеси болуп өттү. Аталган иш чарага факультеттин жалпы жааматы, коноктор, жана бүтүрүүчүлөр катышты. Кечени факультеттин деканы Аскарбек Бадельбаев ачып, бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилектерин айтып, ачык асман каалады.

Бүтүрүүчүлөрдү о.э. кафедра башчылары Шайыркуль Батырбаева, Айнура Арзыматова, Турат Жоробеков, Жаныбек Жакыпбеков, Турдубек Шейшеканов, Аниса Бикбулатовалар тарых боюнча адис болушу менен куттуктап, аларга ден-соолук, турмуштан ордун тапкан мыкты инсандар болушун каалап өтүштү. Өз кезегинде бүтүрүүчүлөр да факультеттин жамаатына алкыш айтуу менен эже-агайларга терең ыраазычылык билдиришти. 

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдаган:

Жумабек кызы Жыпара - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин методисти