Бейшемби, Январь 28, 2021

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Кытайдагы фольклордук практикадан кайтып келишти

altМурда кабарлангандай, үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин 12 студенти менен 3 окутуучусу Кытай Эл Республикасынын Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу округуна фольклордук практика өтүү жана маданий экскурсия жүргүзүү үчүн жөнөп кетишкен. Аталган сапар Кыргыз улуттук университетинин жана Синьцзян педагогикалык университетинин ректорлору 2013-жылдын август айында кол койгон  келишимге ылайык ишке ашты. Кыргыз делегациясын факультеттин деканы, профессор Бектурсун Байсабаев жетектеп барды, ал эми Синьцзян педагогикалык университетинин профессору Мамбеттурду Мамбетакун келген конокторду кытайлык кыргыздардын маданият, салт-санаасы менен тааныштырды.

5-сентябрь күнү КУУнун делегациясын Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу округунун губернатору Пархат Турду кабыл алды.

6-сентябрь күнү делегация мүчөлөрү округдун борбору Артыш шаарында алтынчы жолу өткөрүлүп аткан "Манас маданияты жана саякат" майрамына катышышты. Майрамдагы көп нерселер Ала-Тоодон келген туугандарды аябай таң калтырып, көңүлүн көтөрдү. Мисалы, бир убакта 300 комузчунун комузда кол ойноткону, 4 жашар баланын «Манас» айтканы, бир убакта 130 ооз комузчунун күү аткарганы, сахналаштырылган кыргыздын каада-салттары, тал чыбыктай ийилип бийлеген кыргыз бийлери.

Майрамга карата 31 боз үй тигилип, ар бир үйдө өз-өзүнчө өнөрлөр көрсөтүлдү. Өнөр ээлери - манасчылар, өлөңчүлөр, төкмө акындар, комузчулар, ооз комузчулар, уламыш-аңызчылар, жомокчулар, сөз чеберлери - Кызыл-Суу автономиялуу округунун бүт оодандарынан чогулушту. Белгилеп кетчү нерсе - майрамга кыргыздар эле эмес, башка улуттардын өкүлдөрү да катышышты. Салтанат үч тилде алып барылып, Кыргызстандан келген өнөр ээлери да өз өнөрлөрүн тартуулап, майрамдын көркүнө көрк кошушту.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Памир кыргыздары

9-сентябрь Ала-Тоолук коноктор Памир кыргыздары отурукташкан Ак-Тоо ооданынын Кара-Көл көлүнө барышты. Көлдүн түндүк тарабында Муз-Тоо Ата тоосу жайгашыптыр. Анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 7546 м. жогору болуп, табийгаттын сырдуу бир бөлүгү деп эсептелинет экен. Анткени, бир да адам баласы аталган тоонун ар жагында эмне бар экенин билбейт. Көлдүн түсү таң калаарлык - бир күндө ар түрдүү түстөргө өзгөрүп турат. Көлгө көптөгөн саякатчылар келип, сыйынып, эс алып кетишет экен. Жергиликтүү калк ушул эле көлдүн суусун күнүмдүк турмушта колдонот.

Манас айкелинде

2012-жылы Кытай өкмөтүнүн колдоосунда Булуң-Көл деп аталган жерде бешинчи жолку "Манас маданият жана саякат" майрамы өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Манас атанын айкелинин ачылыш аземи болгон. Эң кызыгы, азем учурунда асманга көгүчкөндөр учурулганда, алар бөлөк жакка учуп кетпей, Манас атанын колуна конуп калышкан. Азыркы тапта айкелдин арт жагында 10 канат, 100 баштан куралган боз үй жана анын эки жагында 70 баштуу 2 боз үй мейман тосуу үчүн атайын тигилген.

Жусуп Мамайдан бата алуу

11-сентябрь күнү Ак-Чий ооданында Манастын сегиз урпагын элге кеңири жеткирген улуу манасчы Жусуп Мамай чоң ата менен жолугушуу болду. Токсон алтыдан ашкан залкар инсан Кыргызстандан келген конокторго аябай кубанып, аларга асыл кебин аябай, кеп-кеңешин берип, келечек тууралуу да бир топ сөздөрүн айтты. Ала-Тоолук коноктор белектерин тапшырып, Жусуп Мамай чоң атадан бата сурашты. Жусуп чоң ата  “Асманда жылдыз, ал эми жерде кыргыз болгон” – деп, улуттун бийиктигин даңазалоого үндөп, чын дилден жакшы тилектерин билдирип, ак батасын берди.

Улуулугун эл билген Улуу-Чат

13-сентябрда Улуттук университеттин делегациясы Улуу-Чат ооданы менен таанышты. Оодандын борбору Улуу-Чат шаары кыргыз колоритинде салынып, аябай кооз экен. Манас атанын музейин көргөндө Ала-Тоолук коноктор ошол заманга аралашып кеткендей болуп, жүрөктөрүндө ар намыс, курчтук, улутчулдук ого бетер алоолоп жанып турду. Студенттердин айтымында, Манас атанын кырк чоросу менен келе жаткан айкели азыркыга чейин көз алдыларында турат.

Улуу-Чат жергесинде толук үч күн болгондой кийин, делегация мүчөлөрү топурагы алтын, абасы ышкын жыттанган, суусу кымыз даамданган өз Мекенине жол тартышты.

Студенттер "Баары жакшы, мыкты деңгээлде уюштурулганын, Кытайдагы кыргыз айылдарын кыдырып, эл ичиндеги уламыш, жомок, өлөң ырларын жана да кыргызга тиешелүү элдик мурастарды мүмүкүн болушунча топтоп келгендиктерин" айтышты.

Студенттердин күндөлүггүнөн...

5-сентябрь: Артыш шаарына келдик

6-сентябрь: "Манас маданият жана саякат" майрамынын 6-жолку белгилөөсүнө катыштык

7-сентябрь: Артыш шаарындагы ат оюндарына күбө болдук

8-сентябрь: "Жетиген" журналынын редакциясы жана акын жазуучулар менен жолугуштук

9-сентябрь: Памир кыргыздары жердеген Ак-Тоо ооданынын Кара-Көл жана Булуң-Көл аттуу жерлеринде болдук

10-сентябрь: Кашкар шаарын араладык

11-сентябрь: Ак-Чий ооданында Жусуп Мамай чоң ата менен жолугушуу болду

12-сентябрь түнү: Ак-Чийден кайттык

13-сентябрда: Улуу-Чат жергесине келип, шаар менен таанышып, керектүү маалымат топтоп, калк ичиндеги өнөрпоздор менен маек куруп, талантына күбө болдук

14-сентябрь: Эки топко бөлүнүп, жарымы Манас угуп, жарымы Кызыл-Ой айылын кыдырдык

16-сентябрь: Мекенге кайттык.

Материалды даярдаган:

Б.Байсабаев - кыргыз филологиясы факультетинин деканы