Бейшемби, Январь 28, 2021

Мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу факультетинин бутуруучулөрүнө дипломдор тапшырылды

2012-жылдын 4-октябрында КУУнун Мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болду. Иш-чара факультеттин деканы Кундуз Базакееванын куттуктоо сөзү менен ачылып, жаштар комитети тарабынан уюштурулган концерттик программа менен улантылды. Салтанатка келген коноктор факультеттин талантуу студенттеринин мукамдуу үнүнөн, кымча бел студент кыздарынын жагымдуу бийлеринен жашаргандай ырахат алышып, көтөрүңкү маанайда таркашты. Диплом алган студенттерге татыктуу жашоо, ак жол каалайбыз. Жүрөгүңөр «Кыргызстаным», «Элим» деп согуудан тажабасын!

Материалды даярдаган:

Абдужапар уулу Нурсултан - факультеттин студенти