Воскресенье, Декабря 08, 2019

С. Жорупбеков: Дагы Кыргыз жөнүндө

Сатылган  Жорупбеков


 

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Евразия инновациялык технологиялар институтунун доценти

 

 








«Карангы» делип келген кыргыздын


"Дүйнө Жоктон Бар болуп,

Туула берет турбайбы.

Кайра Бар да Жок болуп,

Кубула берет турбайбы."

 

деп айтканын, азыркы илим «туура эмес» деп  тана албайт. Мындай ой математиканын тилинде    0 = (+) + (- ) деп берилет. Аны солдон оңго окуганда Жоктон Бар жаралаары, оңдон солго окуганда Бар Жок болоору айтылган. Айтылышта кубулуш кайталанмалуу экендиги, ошондуктан анын башталышы да жок, бүтүшү да жок экендиги кыскача так берилген.


Азырынча адабиятта, илимий чөйрөдө Жок дүйнө «орусча энерго-информациоенное поле» деп так эмес аталат. Такталган түшүнүктөрдүн термини менен айтсак, биз,  кубат (энергия)-билим (знания) талаасы (кишинин көзүнө көрүнбөгөндөр – кыргызча Жок) менен заттардын (кишинин көзүнө көрүнгөндөрдүн – кыргызча Бардын) биримдигинен куралган чөйрөдө жана алардын бир-бирине өз ара айланышкан дүйнөсүндө эле жашап жатабыз.


Ушул эки дүйнөнү (Бар жана Жок дүйнөнү) тең бир бүтүндөй камтып система түрүндө карап, толук чыныгы (б.а. системалуу) билүүлөрдү камсыз кылбагандыктан биздин азыркы илим-билимибиз чала келип,  чыныгы системалуу илим-билим эмес болуп гана эсептелет.


Ал эми, элдердин алгачкы билими системалуу болгону белгилүү (www.hf.msiu.ru/nauka_1-8.htm). Кыргыздын да билими башынан системалуу болуп «Теңирчилик» деген системалуу дүйнөтаанымын түзгөн. Ал кыргыздын макал-лакаптарында, Санжыра санаттарында камтылган. Азыркы илим-билим болсо, кайталайбыз, ал мындай системалуу касиетке ээ эмес.  Ошондуктан, “Современная наука не является единственной формой знаний. Традиционные общества, многие из которых имеют глубокие культурные корни, создали и усовершенствовали свои собственные системы знаний... Они не только таят в себе информацию, которая пока не известна современной науке, но и выражают другие  образы жизни  в мире, другие взаимоотношения между обществом и природой, другие подходы к приобретению и формированию знаний. Необходимо принять особые меры с целью сохранения и развития этого хрупкого и разнообразного всемирного наследия в условиях глобализации и преобладания единого представления об окружающем мире” (Всемирная конференция по науке для XXI века: новые обязательства. Будапешт, 1999 г.) - деп айтылууда..


Алгачкы системалуу дүйнөтаанымдан ажырап чыгып өзүнчө өнүккөн азыркы илимге төмөндөгүдөй мүнөздүү: «сегодня наука стремится преодолеть свою разорванность знаний, обращается к синтезу различных точек зрения и методов, пытается решать конкретные жизненные задачи и потому подходит к самым своим границам, натыкаясь на тупик того, что может абстрактная (слепая) мысль. Эта мысль стремится достигнуть целостности, но, утратив свою, скажем так, способность видеть мир целостно, уже не может преодолеть незримый порог, разделяющий мир природы и абстрактных сущностей, в котором живет и действует современная цивилизация» (htpp://kcherepan/dk/dk_019.htm). Ошондуктан,  азыр  “Проблема  взаимоотношения материи и духа требует новых  обсуждений с новых позиций.  Освоение данной проблемы, нацеленное на ассимилирование всего ценного в нематериалистических концепциях, только начинается”- деген ойлорго азыркы кишилер келишүүдө (П.В. Алексеев. А.В. Панин. Философия. М.97).


Дүйнөдө жазма ыкмасы колдонула башталып, анда кыргыздын аталышы бериле башталганга чейин кыргыздын тарыхы болгондугу шексиз го. Буга болгон эле археологиялык, этнографиялык маалыматтар далил эмеспи.  Ал эми жазмага чейинки кыргыздын тарыхы анын тилинде, Санжыра санатында камтылган да, окурман. Бирок, кыргыз тарыхчылары Санжырадагы тарыхый айтылыштарды илимий чындыкка жатпайт дешет. Алар үчүн аталышы менен анын семантикасы дал келбеген, мисалы, «Афанасьевская культура» же «Андроновская культура» деген аталыштагы жазылып калган изилдөөлөр чыныгы илимий изилдөөлөр имиш. Ал эми Санжыранын санаттарын колдонуу илимий ыкма эмес имиш. Азыркы системалуу эмес илим-билимдиктеги билермандар кыргыздын тарыхын тактоодо Санжыранын санаттарына маани беришпей адашышат. Бул дагы болсо азыркы системалуу эмес илимге негизделген азыркы системалуу эмес билим берүү системасынын кесепеттери. Мен адистигим информатик катары, тескеринче, тилдин эле терминдеринин, каражаттарынын семантикасын колдонуу ыкмасы менен кыргыздын тарыхынын, билиминин такталышы жөнүндө бул макалада сөз кылмакчымын.


Көпчүлүк  элдерде  адамзаттын  ата-энеси «Адам-Ева» деген түшүнүк бар. Анда дүйнө элдеринин тилдеринде Адам менен Ева ысымдарынын семантикасын жана дагы «кишимин деп мактанба, адам болдум деп мактан» деген кыргыз макалынын башка тилдерде которулушун салыштыралы. Менин оюмча, башка тилдерге аны которуу проблеманы жаратат. Мисалы, бул макалдын улуу деп эсептелген орус тилине которулушун ал.  Ошондо ысымдардын маани-маңызынын тереңдиги кайсы тилде жакшы так түшүндүрүлсө, алар ошол тилде берилген болушат да. Бул талашсыз го. Себеби, мындай бүтүм «маанисиз аталыш илимде да, табигый тилде да болбойт» - деген талашсыз чындыкка негизделет! Адам менен Обонун кайсы улуттан (же тилдеги ысымдар) экендигин такташ үчүн башкача илимий жол жок экендиги талашсыз го! Муну бир гана ушундайча логикалык жол менен далилдесе болот.


Ошондо, аталыштын маани-маңызынын тереңдиги жана кеңдиги жагынан кыргыз эле утушта болооруна мен ишенем.   Анда эмесе кыргызча жорулушун келтиреели.


Юдахиндин сөздүгүндө "Адам"  араб тилиники делет. Араб тили жакында эле пайда болгон тил эмеспи, окурман (М. Аджи. Тюрки и мир, М.,2004). Ал эми "Адам"  термини кап качан эле пайда болбодубу жана ал кайсы тилдин термини? Кыргыз түпкү атабызга "Адам" деген ат берилишинин себебин,  тукумдары адамдай жана адамгерчиликтүү болсун деген маани менен байланыштырышкан. Ошондуктан, көпчүлүгүбүз киши болуп жүргөнүбүз үчүн аксакалдардын "Ой, адам болсоңчу!" же “качан адам болосуң?” - деген акыл-насааты айтылат. «Кишимин деп мактанба, адам болдум деп мактан»-дейт ага кыргыз макалы. Себеби, «Адам атанын тукумдары жерде Адамдай болуп, адамгерчиликтүү тиричиликти гана куруш керек экендиги» кыргыздын алгачкы системалуу билимдигинин негизинде жаралган бүтүм. Мындай бүтүм - илимий бүтүм. Себеби, чындыгында эле, адам болуу менен адамгерчиликте тиричиликтенүү (б.а. табият менен шайкештикте,  экологиялуу тиричиликтенүү)  гана келечектүү азыркы илимий түшүнүктөр боюнча да. Тиричиликте дагы анын «кишичиликтүү тиричилик» деген түрү болушу мүмкүн. Минтип атоого кыргыз гана тили жана анын системалуу билимдигинен жаралган маданияттыгы эле мүмкүнчүлүк берет. Киши болуу менен кишичиликтүү тиричиликти жүргүзүү Жараткан аркалуу адам баласына берилген касиеттердин кесепеттери экендигин кыргыз санжырасы далилдеп келет. Кыргыз санжыра санатында теңдердин биримдиги болгон Бар дүйнөдө адам жана анын тукумдарына «адил жүрөөр бекен деп?, амал, өнөр, дил берилген» - деп айтылат эмеспи. Демек, адам баласын мындай касиеттерге ээ кылып жатып, Жараткан күмөн санаган кыргыз санжырасы боюнча. Себеби, дилин укпай, акыл-оюна келгендин баардыгын эле өнөрчүлүк менен өзүнүн тиричилигинде ишке ашыра берүү жаман кесепеттерге алып келээри чындык экендиги кыргыз үчүн Теңирчиликтен чыккан жыйынтык болгон жана аны тажрыйба да далилдөөдө. Азыр биз ушундайча жашоо идеологиясынын кесепетинен жаралган глобалдык проблемаларга маани бербей, аларды чечиштин камын көрбөй өзүмчүлдүк, күнүмдүк коньюнктуралык тиричиликке кубанып эле жүрбөйбүзбү. Бул эмне жалганбы? Ал эми киши болуу менен кишичиликтүү тиричиликтенүү келечеги жок тиричилик. Кыргыз үчүн ал Акыр заманга алып келүүчү тиричилик. Кыргыз муну Адам-ата заманында эле билүүчү. Ал эми өз убагында  акыл-эсине келе албагандарды туурараак акыл-эске келтириш үчүн Жараткан Бар дүйнөнү жаратканда глобалдык катастрофалардын жер жүзүндө кайталанып турушун анын өнүгүү программасына жазып койгону ошондон эмеспи. Муну дагы тарыхый малымааттар, эски тексттер далилдешет.  Демек, Адам-атанын ысымында илимий терең маңыз бар экенин кыргыз гана тилинде ушинтип далилденет.


Дагы баардык элдин тилдеринен айрымаланып, кыргыздын гана тилинде «адам» термини менен байланышкан бир топ туунду терминдердин колдонулушу эмнени кошумчалайт жана жогоруда аталган макалды которуудагы проблема эмнени айтат? Ушунун эле баардыгы «адам» сөзү кыргыз тилиндеги сөз жана ысым кыргыз тилинде берилгендигин гана айтат демекчибиз! Ал эми колдонулган сөздүктөгү берилиштер жалган. Ал башка дүйнө элдердин тилин калыптандырууга кыргыз тилинин жана андан чыккан түрк тилинин таасири бар болгондугун билбегендиктен (М. Аджи.) же мындай чындыктан адаштыруунун саясаты эле. Ушундай адашкандыктын жана саясаттын кесепетинен, азыркы кыргызча-орусча сөздүктө көп сөздөр башка тилдики болуп жазылып жүрөт.


Кыргыздын “Аалам көркү - адам” деген макалында терең ой бар.  Аны «адам- көзгө көрүнбөгөн Ааламдын бай мүмкүнчүлүктөрүнүн ажайын ачып көзгө көрүнгөндөй көрсөткөн элеси» деп түшүнүш керек. Анда окшоштуктун принциби боюнча, адамга кандай касиеттер таандык болсо, Ааламга да ошондой касиеттер таандык дегендикке келебиз. Адамдын жаны, акыл-эси, аң-сезими, жадысы, эрки бар, көрө, уга, сезе алат. Демек, Ааламдын да ушундай касиеттери бар десек болот. Системалуу илим-билимдикке ээ болгон кыргыз өзүнүн жогорудай кыскача айтылган ою менен фундаменталдуу чындыкты бизге нускалап кеткен. Ошондуктан,  кыргыздын оюнан жаралган “Бог создал человека по образу Своему и подобию” дегенде чындык бар. Никола Тесланын изилдөөлөрү, анын ойлору жана ал жөнүндөгү телефильмде окумуштуулардын комментариялары дагы биздин Ааламдын өзү менен көзгө көрүнбөгөн бүтүнчөгүнө (орусча элементардык частицаларына) чейин аң-сезимге ээ экендигин ырасташат («Властелин мира. Никола Тесла» телефильми). Адамдын оюнун таасири менен суунун касиеттеринин өзгөрүшү дагы муну илимий жактан далилдөөчү жыйынтык («Великая тайна воды» телефильми). «Системанын эмердженттүү касиеттери болот» деген азыркы илимдин жетишкендиги дагы татаал система болгон Ааламдын да аталгандай касиеттери бар болушун азыркы илимге тап-таза танууга мүмкүнчүлүк бербейт.


Кыргыз аталган касиеттерди Жаратканга - Теңирге ыйгарышат. Аалам системасынын эмердженттүү касиеттери да - Теңирдин касиеттери.  Жөнөкөй система болгон суунун эмердженттүү касиеттеринин пайда болушун илим түшүндүрүп бере албайт, анан кайдан эң татаал система болгон Ааламдын аталган касиеттерин эксперимент менен далилдей алсын. Мындай татаалдыкты илимий эксперимент менен далилдөө мүмкүн эместигин кыргыз Санжыра санаты: «Кудайды көз менен көрбөйт, акыл менен тааныйт» - дейт. Акыл менен таануу-бул логикалык ыкма менен таануу да. Жаратканды кыргыз гана тилинде «Теңир» деп аталышынын өзүндө да фундаменталдуу чындык камтылган. Анда Жараткан менен жаратылган Бар дүйнө эки карама-каршылыктуу болгон теңдерден тураары жана ал алардын теңдешкендиктеги гармониясы эле экендиги айтылган эмеспи. Бар дүйнө, чындыгында эле, ушундай экендиги азыр баардыгыбызга талашсыз чындык эле го. Муну кыргыз өзүнүн оюму менен да баяндап келет. «Тең бөлгөндү - Теңир сүйөт», «Теңир теңдикти жалгайт» дейт кыргыз. Жоктон Теңир теңдерди гана жаратат. Бул анын негизги мыйзамы.  Бул ой дагы «0 = (+¥ ) + (-¥ )» деген математикалык формулада солдон оңго окулушу менен далилденет. «Жоктон канчалык көп «жакшылык» (+¥ ) жаралса ошончолук көп «жамандык» (-¥ ) да жаралышы мүмкүн»- деп бул формула Теңирчиликтин негизги мыйзамын тастыктайт. Мындай чындыкты сүрөттөп баяндаган кыргыз оюму да бар. Ошондуктан, кишинин оюна келгендин эле баардыгын ишке ашыруу талаштуу, зыяндуу болушу мүмкүн экендигин кыргыз Ата заманында эле түшүнгөн. Ал эми башкалар жана азыркы кыргыздын өзү дагы дүйнөнүн, чөйрөнүн негизги бул эрежесин билишеби, ага маани беришеби же сакташып тиричиликтенишеби, окурман?


«Тирүүлүгүн билсин деп, түнкүсүнө ай берген» деп «караңгы» кыргыздын  санжырасынын айтканы бар. Муну менен эмне айтылып жатат? Аны менен Ааламдын тирүүлүгү дагы бир жолу айтылууда. Ар бир ай сайын айдын асманда пайда болушун, формасынын кубулуп өзгөрүшү менен айдын жок болушун кыргыз көрүп жүрүп, мындай кубулуш,  Теңирдин  кишини окуткан окуусу (дарсы) деп эсептеген.  Аалам тирүү болгондуктан,  «Адам бузулса, Аалам бузулат» - дейт кыргыз макалы. Себеби, адам ою менен бузулуп тиричиликтенсе, тирүү Аалам аны түшүнүп, ага таасир этпей койбосун кыргыз билген. Ошондуктан, «Пенденин оозундагы – кудайдын кулагындагы, пенденин дилиндеги – кудайдын санаасындагы»  деп келген «караңгы» кыргыз санжырасында.  Эгерде азыркы илимий чөйрөдө  Ааламдын тирүүлүгү жөнүндө ойлор бар экендигин эске алсак, анда ушул эле келтирилген Санжыра санаттары «адам» термининде илимий чындыкка байланышкан маңыз бар экендигинин дагы бир далили эмеспи, окурман.


Адам Атанын жолдошу Обо - Эне деп кыргызда айтылат. Азыркы илимий  көз  караш  боюнча  баардыгын  жараткан   кубат-билим талаанын кыргызча бир аталышы да Обо. Обо жарылып тирүү жан-жаныбарларды камтыган Бар дүйнө жаралган. Бул «Чоң жарылуу» илимий теориянын бүтүмү.  В. Канке өзүнүн китебинде (Философия. М. 1997) минтип жазат: “природа такова, что она обладает возможностью порождения человека. Человек рождается “из природы”, на это указывает хотя бы процесс деторождения”. Тирүү баланы төрөп жарата алган биринчи эненин кыргызча аты дагы – Обо болуп жатат. Чындыгында эле, боюнда бар Обо-Эне «жарылып» тирүү жанды, жаранды жаратат. Убагында Обо-Аба-Ава-Ева эле болуп өзгөрүлгөнүн М. Аджи өзүнүн изилдөөсү менен да ырастады. Анда бул кыргыз аталышы менен илимий аталыштагы уйкаштык жана семантикасы илимий чындыктарга дал келген кыргыз тилиндеги жогоруда аталган аталыштар, айтылыштар кыргыздын билгендиги, тили, анын тарыхы жөнүндө эмнени айтмак, ойлонуп көрчү, окурман?


Биринчиден, муну менен адамды аң-сезимге ээ болгон кубат-билим талаасы - Обо жараткандыгы айтылат. Кубат-билим талаасы баардыгынын башаты! Ал түбөлүктүү! Дүйнө - бул Жок-Бардын чексиз кайталанмасы.  Дүйнөнүн өнүгүүсү чексиз цикл (кайталанма).


Экинчиден, «Адам», «Обо» ысымдардын семантикасы кыргыз гана тилинде терең илимдик чындыктарга байланыштырылып так түшүндүрүлгөндүктөн алар кыргыз гана тилинде берилген дейбиз! Жараткан биринчи эркек менен ургачыга кыргызча ысым берген дейбиз! Ошондуктан, кыргыздын тарыхы Адам-атадан эле башталат дейбиз!

Эмне мындай логикалык тактоо илимий ыкма эмеспи? Болбосо, окурман, меникин туура эместике чыгарган илимий дабаны тапчы.


Үчүнчүдөн, Сабыр Иптаров айткандай, “жаратылыш”, “жараткан”, “жарылуу”, жаран”, «жаралуу» деген сөздөрдүн уңгусу “жар” болгондуктан, бул жаратылыштын өзү жарылуу процессинен пайда болгонун кыргыз сөзүнүн семантикасы менен эле далилденүүдө. Ал эми, кайталайбыз, Ааламды жаратыш үчүн көзгө көрүнбөгөн Жокту (б.а. кубат-билим талаанын же Обонун бир бөлүгүн) жаруу жетиштүү экендигин азыр  “Чоң жарылуу” физикалык теориядан кийин физиктер өздөрү жазып жүрүшпөйбү. Ошондой эле, жарандын клеткалары жарылып жаралып ал өсө тургандыгы, баардыгын жарып Жаратуучу да бар экендиги айтылууда. Демек, мындай илимий бүтүмдөргө кыргыз капкачан эле тили жаралганда эле келген жана ал жаралганда чыныгы илимий бүтүмдүн негизинде жаралган десе болот.


Дагы кайсы элдин тилинде аталган түшүнүктөр эле бирдей уңгудагы терминдер менен берилген? Биздин билишибизче, мындай элдик тил жок! Анда кыргыздын мындай тилин кандай тил дешибиз керек, окурман? Кыргыздын тили Адам-ата менен кошо жаралган тил жана ал алгачкы деңгээлдеги системалуу илим-билимдин тили! Кыргыз тили Теңирчилик  системалуу илим-билими менен тең жаралган тил.


Төртүнчүдөн, кыргыз гана маданиятында жаранга карата «адам» жана «киши» деген эки термин колдонулат. Кыргыз тили «адам заманынында» пайда болсо, ал эми бөлөк тилдер адам бузулуп киши кейпине келген «киши заманында» пайда болгон тилдер дейбиз. Себеби бөлөк тилдерде «киши» терминге тийиштүү терминдер гана бар. Ал эми «адам» жана анын туунду терминдери болгон башка кыргыз терминдери мындай тилдерде «адам» термини менен байланыштырылып берилбейт. Демек, «адам» термини мындай тилдерге чочун!


Ошондуктан, табигый тилдин эки түрү бар десе болот: адамдын жана кишинин тилдери. Адамдын тили – Жараткан менен жаралган жарандын – адамдын жана анын тукумдарынын тили. Жогорудагы айтууларга ылайыктуу кыргыз тили – адамдын тили.  Кээ бир билермандар «Адам менен Еваны  Жараткан жаратты» деген ойдон чыгарылган эле миф деши да мүмкүн.  Андай болсо дагы биздин далилдөөбүз боюнча  ал кыргыздыкы гана болмок. Бирок, ал азыркы жазуулар боюнча башкалардыкы болуп жүрбөйбү.


Ал эми кишинин тили – бул же киши кейпине келген бузулган адамдардын, же Дарвиндин теориясы боюнча маймылдан чыккандардын эле тили. Ошондо кыргыздын «киши» деген түшүнүгүн колдонуу менен гана буга чейин толук далилделенээк Дарвиндин теориясы логикалык жактан толук далилдөөгө мүмкүнчүлүк албайбы, окурман?


Системалуу билимдигин жоготкон азыркы кыргыз билермандары «киши», «адам»  синоним терминдер дешет. Бирок, «караңгы» кыргыз: «киши болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан» деп макалданат. Демек, аны үчүн алар синоним эмес.


Бешинчиден, кыргыз тили системалуу илим-билимдин негизиндеги баардыгына системалуу мамиле кылууну чагылдырган  тил дейбиз! Муну кыргыз тилинде колдонулган көп кош сөздөрү да далилдейт го дейбиз: адам-киши, макал-лакап, ырым-жырым, жол-жосун, жүрүм-турум, убал-сооп, аздыр-көптүр, каада-салт, нарк-насил, үрп-адат, дээр-зээн, акыл-эс, арам-адал, аң-сезим,  маани-маңыз, өбөк-жөлөк, эриш-аркак, илим-билим, акыл-насыят, кылык-жорук жана у.с. Бар дүйнөдөгү карама-каршылык жагдайларды сыпаттаган Санжыра санат сөздөрү, кыргыз макал-лакаптары дагы муну ырастабайбы. Себеби, мындай сөздөр системанын элементтеринин бир-бири менен болгон байланыштарын, катнаштарын мүнөздөгөн терминдер. Ошондуктан, системалуу мамилени чагылдырган тил.


Алтынчыдан, кыргыз тили «Теңирчилик» деген алгачкы деңгээлдеги системаллуу дүйнөтаанымды жараткан тил. Ал дүйнөдөгү биринчи системалуу дүйнөтааным болгон. Системалуу дүйнөтааным ар кандай деңгээлде болуучу, улам такталып туруучу тааным. Ата-бабалардын мындай алгачкы системалуу таанымды дүйнөгө таратуу аракети кишичиликтин кесепеттеринен өздөрүн христиандаштыруу же исламдаштыруу менен аяктады (М. Аджи). Бирок, мындай аракеттердин негизинде жергиликтүү шартка жараша Теңирчилик дүйнөтаанымы кытай, индус, батыш философиялары болуп такталып же бурмаланып өнүктү, анын негизинде дүйнө жүзүндө кишичиликтин кесепетинен ар башкача диндер да пайда болду.


Алгачкы системалуу дүйнөтааным боюнча дүйнөнүн системалуу маңызын жана мындай системадагы адамдын ордун так сүрөттөгөн кыргыздын белгиси да бар (С. Жорупбеков. Кыргыз ким? Бишкек, 2001-2003- 2007ж ). Дүйнө элдердин бирөөндө да мындай терең маңыздагы белги жок. Мындай белгинин башкаларда жок болуп, кыргыз элинде эле болушу, алгачкы системалуу дүйнөтааным кыргызга гана таандык экендигинин дагы бир далили эмеспи. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын алдында мындай белги турса, кыргыз терең билимдүүлүгү менен сыймыктанган болбойт беле.


Теңирчилик дүйнөтаанымынын негиздерин азыркы илим тана албайт. Ал эмес, жаңы илимий дүйнөтаанымды же дүйнөнүн сүрөттөмөсүн жаңыча түзүүдө алар пайдаланышы мүмкүн экендиги окумуштуулар тарабынан ырасталууда (Аблеев С.Р. Несколько философских штрихов к новой научной картины мира). Муну жердешибиз С. Кадыровдун физикалык жаңы илимий теориясы да ырастайт (Вечерний Бишкек, 9.05.2008). өкүнүчтүүсү, азыркы сабаттуу кыргыздар өзүнүн ушундай таанымына маани беришбейт, аны так билишпейт, окутушпайт, колдонушпайт, таратышпайт. Бул дагы азыркы билим берүү системасы системалуу эмес билим берээринин бир белгиси жана атайын жүргүзүлгөн саясаттын кесепети. Теңирчиликти туура билишпегендиктен, «Теңир деген түшүнүктү жок кылыш керек», деп теледен сүйлөгөн кыргыз да пайда боло баштады. Минтип айтуу исламдын түшүнүктөрүнүн жана араб тилинин калыптанышына Теңирчиликтин таасири тарыхта болгондугун билбегендиктен эле жана кайталайбыз, атайын жүргүзүлгөн саясаттын кесепети (М. Аджи). Ал эми Теңирчилик менен исламдын негизги маселелер боюнча түшүнүктөрү бирдей эле.


Жетинчиден, кыргыздын тарыхын такташ үчүн тилдин терминдеринин жана Санжыра санаттарынын семантикасын, Санжыранын өзүн колдонуу ыкмасы да пайдаланышы керек. Сөздөрдө катылган чындыктарды изилдөө илими – этимологияны кеңири колдонуу керек.  Бул макалада айтылгандарды далилдеш үчүн тилдин терминдеринин, макал-лакаптардын семантикасы жана азырынча болгон аларга тийиштүү илимий бүтүмдөр эле колдонулбады. Эмне үчүн, мындай логикалык далилдөө биздин тарыхчылар үчүн илимий далилдөө болуп эсептелбейт? Ал эми Ата-замандан берки элдин тарыхын жалаң эле археологиялык фактылр менен далилдөө мүмкүн эместиги талашсыз да.


Сегизинчиден, жарандын тиричилиги аны курчаган чөйрөнүн мыйзамченемине ылайыктуу болушу керектиги талашсыз. Бирок, кыргыздын жана башка элдердин азыркы тиричилиги объективдүү кубат-билим талаасындагы чындыкка дал келбеген жана ага карама-каршы да келген эле тиричилик. Мындай тиричилик кыргыз тилинин термини менен эле так «кишичиликтүү тиричилик» деп аталат. Минтип тактоого, кайталайбыз, кыргыздын баардыгына системалуу мамиле кылуу маданияттыгы гана мүмкүнчүлүк берет.  Ал эми башка маданияттыкта буга тийиштүү даяр термин табылмак эмес дагы, аны жаңыча ойлоп табыш керек болмок. Мисалы, «Человек с большой буквы» - деп, М. Горькийдин ойлоп тапканынындай. Системалуу эмес илим-билим боюнча киши менен башкарылып жүргүзүлгөн азыркы тиричилик көп жамандыкты жаратаары сөзсүз дагы, ошондуктан, анын келечеги жок десе болот. Муну дагы тарыхта жаралып, болуп, жоголгон кишичилик цивилизациялар жана азыркы жаралып жаткан глобалдуу проблемалар, азыркы кишилердин жүрүм-турумундагы терс көрүнүштөр ырастайт. Азыркы цивилизация да акыр заман болушу мүмкүн. Ал эми кыргыздын Теңирчиликтин акылмандуулугуна негизделген тиричилиги адамгерчиликтүү тиричилик болгон. Кыргыздын көчмөндүк адамгерчиликтүү тиричилиги экологиялуу келип Бар дүйнө өзү «өлмөйүнчө» уланаарына системалуу билимге ээ болгон кыргыз ишенген.


Муну Адам-атадан бери өзгөрүлбөй келе жаткан анын тиричилиги жана кырылбай келген кыргыз элинин  тарыхы, ошондуктан, кырылгыс-кыргыс–кыргыз деген аталышы да далилдебейби. Адам-Атадан бери кырылбай келе жаткандыктан, кыргыз өзүн «биз кырылгыс элбиз – биз кыргыс» - деп өзүн өзү же Манас-ата атап кеткен эмеспи. Себеби, Санжыра боюнча, Жараткан өзү жараткан кыргыз Адам-атанын тукумдары кишичиликтин кесепетинен чачылып кырылып бара жаткандыктан Манаска атайын миссия берип аны жаратып жатпайбы. Эпосто Манас чачылганды курап бир эл кылып жатат. Кийин дагы кишичиликтин кесепетинен кайра чачылып жоголбос үчүн кубат-билим талаасында сакталып калган Манастын окуяларын андан аян алуу жолу менен «окуп», улам айтып берүү касиетти, Жараткан кыргызга гана ыйгарганы ошондон эмеспи. Кыргызга Манас ушунусу менен кымбат! Ар кандайча адаштырган жорулуштарды жокко чыгарып, «кыргыз» терминдин кыргыз тилиндеги бир гана «кыргыс» деген семантикасын колдонуу туура.


Эми мындай таанымды калыптандырууга ««караңгы» кыргыз кандайча жол менен келген?» деген суроо окурманда туулушу мүмкүн.


«Согласно теории взаимодействия, разработанной лауреатом Нобелевской премии Джонсом Экклсом, мозг и дух состоят в взаимоотношениях, то есть между этими обоими компонентами существует обмен информации. Экклс делает четкое различие между мозгом, как материальным компонентом, и духом, как явно нематериальным компонентом. Этим самым Экклс спроектировал представление о человеке, согласно которому человек в противоположность материалистическим философиям имеет нематериальную часть» (Вернер Гитт. Творил ли Бог через эволюцию. 1993). «Человеческому сознанию присуще метарациональное познание. Непосредственное, прямое познание и передача знаний возможны на уровне метарациональных спо-собностей сознания (кыргыз аны көкүрөк, жүрөк менен таануу дейт). Постижение высших аспектов бытия возможно только метарациональным познанием, а также духовным разумом»(С.Р. Аблеев).


Замандашыбыз манасчы Улан Исмаиловдун «аян алып, жаттабай, мен көкүрөгүмдөгүнү айтам» дегени, Олуя Калыгулдун: “Оң жагымда ишим бар, ошолорду айткын деп, оюма салган кишим бар” же “Кайыптан кабар келчү эле” (Акылман Калыгул. Бишкек, 2000) дегени дагы жана “Жамак деген - Жел Кайып”, “желиккенде мен өзүм, Жел Кайыптан сөз табам” деген кыргыздын түшүнүгү эмнени айтат, окурман?

Азыркы информатика илиминин жыйынтыгы боюнча кабар (информация) башаты жок жаралбайт. Ар бир кабардын сөзсүз башаты болот. Ошондо, кабардын жаралышы кандайдыр бир эрк боюнча гана болот.  Мисалы, бирөөнүн буйругу, өзүнүн калоосу менен же туйгунун (интуициянын) таасири менен. Ал эми чындыктуу кабардын башаты болуп Ааламдын кубат-билим талаасы гана болот!


Чындыгында эле, адам жазылганды окуп же бирөөнyн ( же өзүнүн ) айтуусунун, көрсөтүүсүнүн негизинде ойлонуп, тажрыйбаланып гана билимди алаары белгилүү эмеспи.  Байыркы кыргызга   шартка жараша  экинчи жол гана мүмкүн болгон. Бул болсо алар көп билимдерди, касиеттерди Теңири Кутунан кубат-билимдик  байланыштын негизинде алган дегендик. Минтип айтууга Нобел сыйлыгынын лауреаты Джон Экклстын теориясы негиз берет. Мурда кыргызда табыптардын, көзү ачыктардын, бүбү-эмчилердин, бал ачуучулардын, далы көргөндөрдүн, дуба окуп жаныбарды башкаргандардын, жайчылардын, мүнүшкөрлөрдүн, саяпкерлердин, сынчылардын, түш жоругандардын, эсепчилердин, чечендердин,   залкар төкмө акындардын,  дастанчы-манасчылардын, бакшылардын   көп болушу    буга далил эмеспи. Кытайлыктардын “бзч ХХХ-ХХ кылымдар арасында кыргыздарды “жин-шайтандар” деп аташы” (О. Айтымбет. Кара кыргыз. Б.,2001) ошол себептен эмеспи. Анткени, «жинди болбой бакшы болбойт» деп ырастайт эпосто. Ал эми “кечөөкү” эле кыргыздар жөнүндө Э.Б. Тайлордун “Первобытная культура” (М. 1989) деген китебинде: “русские, приехавшие в Сибирь, были поражены беспрерывным потоком поэтической импровизации киргизов и говорили: ”что бы эти люди ни увидели, у них все вызывает новые фантазии”” деп жазылган. «Не получая широкое образование можно возбудит в себе творческое воображение. А посредством творческого воображения ограниченный разум человека может иметь выход в Мировой Разум. Это известный факт. Творческое воображение нечто иное как «принимающее информации устройство»» (Н. Хилл. Думай и богатей.)


Кабарды алуучуга кабар коддолгон түрдө гана берилет, б.а. кабар кандайдыр бир белгилердин жардамы менен баяндалып берилет. Мисалы, сөз, сан, сүрөттөмө түрдө белгиленип (коддолуп). Кыргыз илгертен бери дүйнө жүзүндөгү элдердин эң биринчилееринен болуп Ааламдын кубат-билим талаасынан алынган чыныгы кабарды, түндүгүнөн түшкөн кабарды, өзүнүн оюм-чийими менен да коддоп келген. Аны үчүн эки жүздөй оймону (кодду) колдонгон (М.В. Рындин. Киргизский национальный узор. Л., 1948 ). Алар менен табияттагы, коомдогу процесстин жүрүшү, өнүгүп-өсүш мыйзамченеми дагы баяндалган. Алынган билим дагы башкача коддолуп, китепте баяндалып чогултулушу мүмкүн. Китептеги билимдер менен баардык жарандар баардыгына үйрөтүлөт. Ушундай түшүнүктөрдү кыргыздын  оюмун колдонуу менен төмөндөгүдөй белги түрдө кыскача сүрөттөп берсе да болот.


 


Эгерде муну улуттук окуу жайдын аталышы менен коштосок, анда ал анын нукура гана кыргызча эмблемасы болоор эле! Азыркыдай чала системалуу эмес, чыныгы системалуу илим-билимди окуткан, берген окуу жайдын белгиси болбойт беле!


Куранда да Адам-атага он барактай билим түшүрүлүп (кубат-билим талаасынан түшүрүлүп) берилгени айтылат. Ошол Адам-атага берилген билим кыргыздын системалуу илим-билимин  - Теңирчиликти – жаратууга негиз болгон. Албетте, кылымдарды карыткан кыргыз тарыхында мындай алгачкы системалуу тааным улам кошумчаланган жана кишичиликтин кесепети менен бурмаланган, жоготулуп кемтиген жагдайы да бар десе болот.


Ошентип, терең фундаменталдуу чыныгы илимий билимдер кыргыздын тилинде эле эмес, анын оюмосунда да камтылган. Кылымдар бою оюм-чийим кыргыздын иероглиф-жазмасы болуп, экинчи тили болуп келген. Анын негизги элементтеринин, иероглифтеринин («фразаларынын») саны эки жүздөй. Аларды ар түрдүүчө бириктирүү менен орнаменттик сюжеттерди («сүйлөмдөрдү») курса болот. Аларды кандайдыр бир ойго жараша бириктирүү менен кандайдыр бир маңыздагы көркөм объектин, мисалы, туш кийизди, шырдакты, б.а. мындай сүйлөмдөрдөн «акыл-насаат баяндаманы», жаратса болот. Буга мисал М.В. Рындин китебинде бар. Дагы кайсы элде оюм анын экинчи универсалдуу тили болуп эсептелет? Болбосо бул эмнени айтмак, окурман?


Кыргыздын оюм-чийими менен философиялык мыйзамдар толугу менен так баяндалат. Анда жогоруда айтылгандарды жана философиянын жаралышынын тарыхын эске алып, философиялык мыйзамдардын авторлору кыргыздыр эле демекчимин.

Анда  оюм-чийим менен билимдин берилишине дагы эки мисал.


1. Бар дүйнөнүн кыргызча моделинин оюм менен берилиши:

 


2. Дүнүйөнүн «оомалуу-төкмөлүү» касиетин баяндаган кыргыз оюму:


 



Бул оюмдардын жорулушун, жогоруда айтылгандардын такталышын автордун жогоруда аталган китебинен табасыңар.


Азыркы сабаттуу кыргыздар мындай объекттердин маңызын окуп түшүнүүдөн ажыратылган. Ошондуктан, оюм-чийим менен берилген «жазманы окуну» мектептерде, окутуу жайда үйрөтүүнү жандандыруу жана жарнамаларда туура колдонунуу калыптандыруу керек. Эгерде окуу жайдын фойе, залдары кыргыздын оюмдары жана түшүндүрмөлөрү менен кооздолсо, коноктор улуттук окуу жайдан улуттук сабак алган болбойт беле.


Айтылгандын баардыгы табигый кыргыз тилинде жана оюм-чийим сүрөттөмө тилинде кандай терең илимий термин-түшүнүктөр камтылгандыгын жана илимий мыйзамдуу чындыктар макал-лакаптарында бар болгондугун баяндайт.


Кыргызды курчаган дүйнөнүн өнүгүп-өсүш мыйзамченемдүүлүгү ал колдонгон оймо-чиймесинде толугу менен туура баяндалышы анын кийген кийимдеринде, отурган ала-кийиз, шырдактарында, тегерегинде илинген туш кийиздеринде, тиричилигинде колдонулган каражаттарында, жашаган боз  үйүнүн түзүлүшүндө жана анын ичинен да, сыртынан да кооздолуп берилиши менен, өзүнүн дүнүйө жана дүйнөдөгү жашоонун максаты жөнүндөгүсүн туура түшүнгөндүгүн кооз жердин бетинде ушундайча баяндамалар менен жасалгаланган, көп сырды камтыган боз үйүн тигип, Дүйнөнүн иерархиялуу Улуу жолу-жосуна ылайыктуу Наркты, Салтты (Сыйды) кармоо менен кыргыз гигиенасы табият менен бирдиктүү келген экологиялык жагынан таза көчмөн турмушту куруп келген мырза эл. Кыскача тактап айтканда, кыргыз адам болушун сактоого тырышып, Теңирчиликтин акылмандуу жол-жобосунда адамгерчиликтүү тиричиликтенүүгө дайыма аракеттенип келген.


Нукура өзүнүн мындай маданияттыгы убагында кыргыздын эч кимде боло элек билимге ээ болгондугунун, анын эң илгерки эл экендигинин дагы бир далили эмеспи, окурман. Мындай системалуу мамиле кылуу менен тиричиликтенүү, ошого жараша болгон жүрүм-турумду, өзүнчө улуттук менталитетти калыптандырган. Ошондуктан, дүйнөгө болгон системалуу көз караш менен караганда гана áуга чейин кишилер менен òак түшүнүлбөгөн кыргыздын менталитетин туура түшүнсө  болот.


Кыргыздын оймо-жазмасында, макал-лакап, ырым-жырымында, санжыра санатында алгачкы жөнөкөй системалуу дүйнөтаанымы, баардыгына системалуу мамиле кылуусу баяндалып, кыргыздын тиричилиги анын негизиндеги ыймандуу маданияттыкта болгон. Кыргыздын тили ыймандуу маданияттыкты, акылмандуулукту камтып чагылдырган тил.. Кыргызда «ыймандуу болуу» дегендик, анын «акылмандуулукту камтыган системалуу дүйнөтаанымда болуу» дегендик.


Мындай системалуу тааным, баардыгына жасалган мамиле кары аалымдарынын акыл-эсинде улам толукталып чогулуп, улам кийинки жаш муундагыларга акыл-насыят болуп берилип, үзгүлтүксүз оозеки санжыра санаты катарында айтылып келген. Аны менен карылар, аалымдар көпчүлүктү ыйман жолуна улам салып, ыйман беришкен. Ошондуктан, “Карыга жетип, касиетке жетпеген жаман. Нускалуу кары болбой ыймандуу жаш болбойт”, “Карыдан уят кайтса, жаштан ыйман кайтат” делет. “Дөөлөтүң - ата-энең, таалайың - уул-кызың” - деп түшүнүлгөн. Ыйманы жок элдин ырыскысы ченелүү, келечеги жок экендиги түшүнүлүп, “кайда болсо напсим тыйып, ыйман берип, касиеттүү элиме уят кылба” делип тиричиликтенилген. “Напсиңди агытып ыпласка барба”  деп санжыра үйрөтүп келген.


Ал заман жөнүндө


«Кыргызга ким чак болгон?

Баатырлары көп болгон,

Байыркыга сөз болгон,

Кыраандары көп болгон,

Кылым арта сөз болгон»-


деген Арстанбектин айтуусу бар.


Мындай Улуу Кыргыз Сөз казынасына айланган дүйнөтааным жаш муундагыны турмушка үйрөтүп, тарбия берип, анын сөзмөрлүгүн, акылдулугун өстүрүп, акылмандыкка багыттап, адамдыгын жөндөгөндүктөн, ал мектепте жаңы сабак катарында киргизилиши жана сөзсүз окутулушу тийиш. «qнөр алды – кызыл тил» жана кыргыз тили системалуу мамиленин тили экендиги деген дайыма эске алынып, үй-бүлөдө, бакчада, мектепте, анан жогорку окуу жайында адистен мурда адамды жөндөө, түзүү Улуу Кыргыз Сөз казынасына (Санжыра санатына) айланган системалуу дүйнөтааным боюнча жүргүзүлүшү керек. Ошондо кыргыз тили күнүмдүк колдонууда болуп баркы да көтөрүлөт.


Тилекке каршы кыргыз жетектенген азыркы саясат таптакыр буга тескери болгон идеологияга негизделген. Азыркы кыргыздар бөлөк кишилердин маданияттыгын туурашып эле акылмандуулукка ээ болбогон кишичилик дүйнөтааным (системалуу эмес дүйнөтааным, тактап айтканда. чөйрөнүн эрежелерине каршы келген эрежелер) боюнча эле жашоодо. Азыркы системалуу эмес билим берүү саясаты менен кыргыздар өзүнүн акылмандуулукту камтыган системалуу дүйнөтаанымынан ажыратылып, ага маани бербей калган кезге келтирилген заманда (Акыр заманда ) жашоодо.


Тогузунчудан, кишичиликтүү тиричилик системалуу эмес илим-билим-диктеги болгон ыймансыз, өзүмчүлдүк маданияттыктагы, Акыр заманга алып келүүчү тиричилик. Кишичиликтүү тиричиликке өзүмчүлдүк кызыкчылыкты ишке ашырууга керектүү акылдуулук эле жетиштүү болуп, ал эми ага чек коюп жолто болгон акылмандуулуктун кереги жок.


Кишичилик тиричиликтин таасири менен кыргыздын бузулушу жөнүндө:


«Байымы кетти кыргыздын...

Мурункудан барк кетти,

Каада-нуска нарк кетти,

Наркы кетти карынын,

Урматы кетти уулдун,

Кымбаты кетти кызыңдын,

Кайран заман бузулдуң.. »-


деп какшаган эмеспи кайран Арстанбек. Заманды ким бузат? Киши гана бузат. Анан «заман ушундай эмеспи» - деп бирөөнүү ээрчип туроо туура эмес экенин түшүнчү, кыргыз. Системалуу эмес илим-билимдүү кишичилик тиричилик акыр заманга алып келээрин «сабатсыз караңгы» делген, бирок олуя болгон (алгачкы деңгээлдеги системалуу билимге ээ болгон) Калыгул эки жүз жыл мурда эле көзү менен көрүп тургандай, ал заманды минтип баяндап кеткен эмеспи (Акылман Калыгул. Бишкек, 2000):


«Заман өзгөрөт, пейил жоголот.

Адам пендеси бирин бири сүйбөй калат.

Акыл айтсаң, чатак салат (себеби ага акылмандуулуктун кереги жок).

Жоготуп дилин, унутат тилин.

Кары – жаштан уялбайт.

Дүнүйөгө көзү тойбой, алдым-жуттум көбөйөт.

Оокат-байлык ушунчалык көбөйөт, ошону топук кылбай,

Киши өлтүргөн көбөйөт..

Эгин нурку (сапаты) азайып,

Ачка болоор күн болот.

Акыр заман адамы

Бакыл (расчетливый) болот.

Адеби жок сүйлөгөн

Кашка болот.

Илгерки өткөн адамдан

Башка болот.

Акыр заман адамы

Алым (взяточник) болот.

Аяттын сөзүн бек тутпай

Залым (жестокий) болот.

Аганын тилин ини албай

Чагым (приносящий разлад) болот.

Биринин тилин бири албай

Жайыл (злой) болот.

Каапыр менен аралаш

Айыл конот.

Заманынын адамы

Молдо («сабаттуу») болот.

Жөн адамдар молдого

Олжо болот... »


Акыр заман адамы «молдо» болгону менен, анын билимдиги, дагы кайта-лайбыз, системалуу эмес, чала илим-билимдиктеги, акылмандуулукту кол-донбогон сабаттуулук. Окурман, айтылгандар аткарылып жатабы? Жатса, анда  «жөн адамдар мындай жетекчи молдого олжо болбой» кантип жаңы  сабаттуулукка келиши керек? Баардыгыбыз кантип оңолушубуз керек?


Онунчудан, жасалма проблемаларга толгон азыркы Акыр замандан чыгыш үчүн азыркы илимий дүйнөтааным менен маданияттыктын ордуна жаңы илимий дүйнөтааным жана анын негизиндеги жаңы маданияттык жаратылышы керек. Жаңы илимий дүйнөтаанымдын негизинде жаңыча билим берүү системасы калыптанышы да тийиш.


Азыркы кишичилик тиричилик менен жаралган глобалдуу проблемаларды чечүү үчүн дүйнөнүн жаңы такталган илимий таанымы керек экендиги түшүнүктүү болду (Аблеев С.Р.). «Современная наука стоит на пороге смены своей парадигмы, в основе которой лежит изменение картины мира. Новая картина мира во многом опирается  на синэргетический подход. Это дает нам основание  дополнить философский принцип всеобщей связи явлений положением об информационно-коммуникативной стороне этой связи. Данные синэргетики  логически приводят к необходимости нового миропонимания, имеющего много общего с трактовкой единства мира в философии Востока. Отсюда вытекает новое понимание места человека в мире и новая стратегия науки в познании действительности. В настоящее время формируется новая картина мира, основанная на синтезе восточных и западных представлений, на единстве строгого рационального познания и полета свободной фантазии и интуиции» (В.Г.Немировский, «Социология» №1, 2004, Минск).


Ошондо дүйнөдө жалгыз болгон Теңирчилик алгачкы кыргыз системалуу дүйнөтаанымы жаңы илимий системалуу болуучу дүйнөтаанымды түзүүдө пайдаланышы шексиз. Мындай алгачкы системалуу дүйнөтааным жалгыз экендигин жана ал кыргыздыкы экендигинин ким талаша алат же тана алат? Теңирчиликте гана кыргыз тилинин каражаты менен гана киши менен адамдын (башка тилде минтип айта албайсың) системалуу дүйнөдөгү так орду жана ал дүйнө жөнүндө алгачкы деңгээлдеги так түшүнүктөр берилген.  Алгачкы деңгээлдеги системалуу дүйнөтаанымдын негизинде азыркы илимдин жетишкендиктери боюнча жаңы деңгээлдеги системалуу дүйнөтаанымдын жаралышы жана, ошентип, өнүгүшү системалуу дүйнөтаанымдын мыйзамченемдүүлүгү. Мындайча өнүгүү менен азыркы илимий жана диний түшүнүктөрдүн ордуна туура жаңы жалпы түшүнүктөр жаратылышы тийиш. Бир убакытта алгачкы системалуу дүйнөтаанымдан ажырап чыккан илимий менен диний түшүнүктөр бир жалпы туурараак синтезделген түшүнүктөргө кайра келиши керек. Ошондуктан, кыргыздын Теңирчилик философиясын бөлөк элдерге азыркы кишичилик тиричиликтин жаман кесепеттерин жою үчүн үлгү катары кайра таратыла турган кезге келдик. Ошондо, жаралуучу жаңы дүйнөтаанымда да, кыргыздын алгачкы системалуу дүйнөтаанымынан жаралган: «адам болуу менен Теңирчиликтин мыйзамченеминде адамгерчиликтүү тиричиликтенүү» - деген бүтүмү туура эле болуп кала бермек!


Ошондуктан, эми эгемендүүлүк менен өзүбүздүн аң-сезимибизди кайра жандантып, өзүбүздyү туура түшүнүп, орустун акыны Велимир Хлебников: "...Азия страна единения богов и людей, место обитания вечно чаемой и недостижимой истины.  В росте науки предвидится пласт - Азиатский" деп көсөмөлдүүлүк менен айтып кеткендей,  XXI кылымдагы  жаңы турмушта колдогу бийликти туура колдонуп, Урук дүйнөсүжагынан жаңыча  адамгерчиликтүү коомду куруп, башкаларга үлгү болууга, бизде кыргызда, тарыхый маданияттык негиз бар экенин түшүнөлүата-бабалардын мурасын актайлы, башка-ларга үлгү көрсөтөлү. Бул Жараткан менен чектелген  кыргыздын тарихый милдети десе да болот. Цивилизациялык жагдайга мүнөздүү технологиялар жагынан кыргыз азырынча үлгү көрсөтө албаса дагы, бирок өнүгүүнүн келечегин камсыз кыла ала турган акылмандуулук дабага ээ. Ошондуктан, кыргыз Теңирчилик менен ачык сыймыктанып, анын идеологиясын калгандарга үлгү катары таратышы керек. Ошондо, ар бирибиз адам болуу менен баардыгыбыз адамгерчиликтүү тиричиликти такталган Теңирчиликтин мыйзамченеминде ишке ашыруу Кыргызстандын изделип, табылбай жаткан идеологиясы болмок. да, акырындык менен аны калыптандырууга аракет жасап, «Адам болуу»  дегендик «жаранды курчаган системанын эрежелерине дал келген жүрүм-турумда болуу» дегендик. «Теңирчилик мыйзамченеминде» дегендик «тиричиликтин баардык жагдайында эки карама-каршылыктардын теңдигин камсыздоо» дегендик. Бул, мисалы, экономикалык өнүгүүдө социалистик менен капиталистик жагдайлардын тең салмактуулугун камсыздоо дегендик эмеспи. Мунун баардыгы табияттын эрежесин акылмандуулук менен сактоо менен теңдердин тең салмактуулугун камсыз кылган калыстык башкаруунун негизиндеги экологиялуу тиричиликке, кыргызча адамгерчиликтүү тиричиликке, алып келет.  Теңирчилик мыйзамченеминде жашоо сөзсүз акылмандуулуктусистемалуу Теңирчилик мыйзамченеминде адамгерчиликтүү тиричиликтенүү менен баюда, өнүгүүдө. Теңирчиликтин философиясы менен тааныш болуп аны жакшы өздөштүрүп алган кытайлыктар азыр ушуга окшош болгон жол менен өнүгүп-өсүп жатышкан жокпу, окурман? Ушундай гана дүйнөтааным туура экендигин, ушундай гана тиричилик келечектүү экендигин ким танат? Мындай терең ой кыскача кыргыз тилинин терминдери менен гана так айтылышы мүмкүн. Бул дагы ал тилдин системалуу билим-илимдин тили экендигинин дагы бир белгиси. Мына ушундай улуу ойго кыргыз гана тили, анын казынасы - Санжыра санаты - үгүттөйт. Эгерде биринчи үгүттөө жоокерчилик ыкма менен кыргыз-түрк тилинде болсо (М. Аджи), экинчи жолку үгүттөө  компьютердик тармактык системалар менен чырмалган дүйнөдө тынчтык ыкмада кыргыздын өзүнүн тилинде жаңырмак. Тилде эле жаңырбай, ишке ашырылса гана. Бирок, азыркы дүйнөнүн жана Кыргызстандын өзүнө да ушундай идеологияны түшүнүп, ишке ашыра турган жетекчи жетпей жатат. Коомдун өзгөрүшү баардык ар бирибиздин ойлорубузду жалпы өзгөртүүбүздөн баштала тургандыгы талашсыз чындык эмеспи, окурман. Ошондуктан, бул иш жаңы дүйнөтаанымды жаратуу менен башталып, баардыгыбыз менен талыкпай жүргүзүлүшү керек. Азыр баардык диндердин өкүлдөрү өздөрүнүн диндерине эле үгүттөшүп, элдерди бириктиришпей адаштырышат. Бул дагы азыркы кишилер системалуу эмес илим-билимдикте экендигинин бир белгиси. Убагында баардык диндер болгон жергиликтүү илим-билимдин, саясаттын жагдайына жараша Теңирчиликтин  негизинде ар кандайча салттуу,  болуп калыптанган эмеспи (М. Аджи). Азыр болсо илим аябай өсүп бир эле чыныгы дүйнөтаанымды жаратуу абалына жеткен кези. Такталган деңгээлдеги системалуу илим-билим жаралса, аны менен ар кандай маданияттыктагыларды бириктирсе болот. Чындыгында, үгүттөө динде эмес, баардык таанымдарды синтездеп бириктирген бир эле системалуу илим-билимдикте болушу керек! Тактап айтканда, үгүттөө илимий жактан такталып жаңыртылган Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымындаЖаңы гана илимий системалуу дүйнөтааным дүйнө элдерин жана аларды башкаргандардын баардыгын бир максатка бириктире эле алат. талап кылат. Кеп бир жагдайлуу рыноктук, капиталистик жол менен эле байышта эмес, кеп гана болушу тийиш!!!


Ал эми мындай жаңы илимий системалуу дүйнөтаанымдын жаралышы глобалдуу катастрофадан кийин эле болушу да мүмкүн. Муну Нострадамустун, Кейстин, Н. Тесланын, Ванганын жана «Дүйнөлүк топон суу» темасына арналган телефильмдеги окумуштуулардын баамдамасы да ырастагансыйт. Андай болсо, анда ал  жаратылыштын сыры боюнча жашоо күмөн саноо менен Жараткан жараткан жаран үчүн татаал проблема экендигинин жана анын аң-сезимин өзгөртүү үчүн эрк керек экендиги,  болбосо кишичилик тиричиликке келгендердин аягы Жараткан болжолдогон катастрофа менен эле бүтөөрүн дагы бир эле далили болмок. Биз азырынча ушул эле инерциядагы жол менен бара жатбайбызбы. Кандай дейсиң, окурман?


Бул макала убагында «Улуттук университет»  КУУнун гезитинде (№11, декабрь, 2007ж.) жана «Кут билим» гезитинде (12-27 июнь 2008ж.) кыскача жарыяланган болуучу. Дагы «Кыргыз дүйнөтаанымынын системалуулугу» макаланы кара (НАН КР. Современность: философские и правовые проблемы. Материалы 2-й республиканской научно-теоретической конференции. 1998г.)

Билдирүү кошуу - Добавить комментарий

Билдирүүлөрдү сайтка катталбай эле калтырууга болот. Бул учурда алар модератор тарабынан "адептүүлүккө" текшерилип, анан жарыяланат.
Сообщения можно оставлять без регистрации на сайте. Они будут опубликованы после проверки модератором на цензурность.


Защитный код
Кодду жаңылоо - Обновить код