Шейшемби, Октябрь 20, 2020

КУУга ТИКАнын жаңы дайындалган программалык координатору келди

КУУдагы соңку жаңылыктар

Улуттук университетте абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды

00

2019-жылдын 24-июль күнү саат 14:00дө КУУнун кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери жабылып, аталган_комиссиянын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров ЖРТ талондору чогултулган үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, ошол эле имараттагы 211-аудиторияда гранттык комиссиясынын отуруму башталды. 3-турдун жыйынтыктары менен бул жерден таанышууга болот.

 

Улуттук университетте абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру башталды

002019-жылдын 22-июль күнү эрте менен саат 8:00дө кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров ЖРТ талондорун чогултуучу үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру башталды. Сыртта күтүп турган абитуриенттер имараттын фойесинде орнотулган стенддерден КУУнун түзүмдөрү тууралуу маалымат алып, өздөрү тандаган факультеттин техкатчыларына тактоочу суроолорду берип, толук маалымат алгандан кийин, ЖРТ сертификатынын талондорун тапшырууга киришти.

 

КУУнун ректору Кемён университетинен келген студенттерди кабыл алды

002019-жылдын 19-июлунда КУУнун ректору Канат Садыков Кореянын Тэгу шаарында жайгашкан Кемён университетинен келген студенттерди кабыл алды. Корей жаштарын баштап келген аталган университеттин гуманитардык жана эл аралык изилдөөлөр колледжинин деканы, профессор Ли Бюнг Ро мырза менен болгон жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

 

Улуттук университетте абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды

002019-жылдын 17-июль күнү саат 14:00дө КУУнун кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери жабылып, аталган_комиссиянын төрагасы, ректор_Канат Садыков_ЖРТ талондору чогултулган үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, ошол эле имараттагы 211-аудиторияда гранттык комиссиясынын отуруму башталды. 2-турдун жыйынтыктары менен бул жерден таанышууга болот.

 

"Конкурс тунук жана таза болбой калышы мүмкүн" деген шек саноолорго негиз жок

00

2019-жылдын 17-июль күнү саат 11:21де "24.kg" маалымат агенттигинин сайтына "Сбои в работе сайта КНУ. Абитуриенты обеспокоены непрозрачностью приема на учебу" деген макала жарыяланып, материалда конкурска катышып жаткан абитуриенттердин тизмесин онлайн-режимде көрүүгө мүмкүн болбой калгандыгы тууралуу айтылат. Бул окуя боюнча Улуттук университеттин маалымат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет:

 

Кайрат кылыӊыз, Кубанычбек Сатарович

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулар жамааты кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Жумабеков Кубанычбек Сатаровичке апасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

 

Улуттук университетте абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру башталды

00

2019-жылдын 15-июль күнү эрте менен саат 8:00дө кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров ЖРТ талондорун чогултуучу үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру башталды. Сыртта күтүп турган абитуриенттер имараттын фойесинде орнотулган стенддерден КУУнун түзүмдөрү тууралуу маалымат алып, өздөрү тандаган факультеттин техкатчыларына тактоочу суроолорду берип, толук маалымат алгандан кийин, ЖРТ сертификатынын талондорун тапшырууга киришти.

 

КУУнун ректору Түркиядан келген студенттерди кабыл алды

00

2019-жылдын 10-июль күнү КУУнун ректору Канат Садыков Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин Кыргызстандагы программалык координатору Али Муслу мырза жетектеген, Түркияда журналистика багытында окуган 15 студентти кабыл алды. Өлкөбүзгө тажырыйба алмашуу программасынын алкагында келген студенттердин максаты - кызматташуу жана өз ара мамиле түзүү, о.э. кыргыз журналисттери менен биргеликте ТИКАнын Кыргызстандагы долбоорлору тууралуу ролик тартуу.

 

Улуттук университетте абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды

002019-жылдын 10-июль күнү саат 14:00дө КУУнун кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери жабылып, аталган_комиссиянын төрагасы, ректор_Канат Садыков_ЖРТ талондору чогултулган үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, ошол эле имараттагы 211-аудиторияда гранттык комиссиясынын отуруму башталды. 1-турдун жыйынтыктары менен бул жерден таанышууга болот.

 

Улуттук университетте абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру башталды

00

2019-жылдын 8-июль күнү эрте менен саат 8:00дө кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков ЖРТ талондорун чогултуучу үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, быйылкы окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру башталды. Сыртта күтүп турган абитуриенттер адегенде имараттын фойесинде орнотулган стенддерден КУУнун түзүмдөрү тууралуу маалымат алып, андан кийин өздөрү тандаган факультеттин техкатчыларына тактоочу суроолорду берип, толук маалымат алгандан кийин, ЖРТ сертификатынын талондорун тапшыра башташты.

 

КУУнун ректору Түркиянын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

00

2019-жылдын 5-июль күнү КУУнун ректору Канат Садыков Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси Женгиз Камил Фырат мырзаны кабыл алды. Жолугушууда Элчилик менен Кыргыз улуттук университетинин ортосунда билим берүү тармагы боюнча кызматташтыкты өркүндөтүү маселелери талкууланды. Элчи дүйнөгө таанымал тарыхчы Илбер Ортайлы мырза ушул жылдын 23.09 - 07.10 аралыгында Кыргызстанга болгон сапарынын учурунда Кыргыз улуттук университетине келээрин билдирди.

 

КУУнун пансионатында ОШМУнун, КМТУнун жана КУУнун окутуучулары "Сармерден" өткөрүштү

002019-жылдын 29-июнь күну Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы КУУнун пансионатында Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары маданий-спорттук мелдеш өткөрүштү. Колдоочулардын кызуу колдоосу менен коштолгон бул достук майрамында футбол боюнча КМТУнун, сармерден боюнча ОШМУнун жана волейбол боюнча КУУнун командалары жеңишке ээ болуп, натыйжада, үч университеттин жалпы жамаатынын достугу жеңди.

 

Мугалим – жоголбогон искусство

00

2019-жылдын 27-июнунда педагогикалык колледжде мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатында “Мугалим – жоголбогон искусство” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш чарага Бишкек шаары жана Чүй облусунун мектеп директорлору, бала бакча башчылары, педагогикалык колледждин окутуучулары жана бүтүрүүчү студенттер катышып, мугалимдин коомдогу ордун жана билим берүү мекемелери менен мугалимдик кесиптеги бүтүрүүчү студенттердин ортосундагы байланышты жакшыртуу жөнүндөгү бир катар сунуштарын айтышып, ой бөлүшүштү

 

КУУнун Камкорчулук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2019-жылдын 26-июнунда ректораттын жыйындар залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Камкорчулук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

 

КУУда санариптик технологияларды билим берүүдө колдонуунун көйгөйлөрү жана келечеги талкууланды

002019-жылдын 26-июнь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Эл агартуунун эмгек сиңирген кызматкери, профессор Баячорова Батыйгүл Жумадыловнанын 70 жылдык мааракесине арналган "Санариптик технологияларды билим берүүдө колдонуу: көйгөйлөрү жана келечеги" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

КУУнун делегациясы Талас мамлекеттик университетинде өткөн Достук фестивалына катышып келди

00

2019-жылдын 13-16-июнь күндөрү мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) жетектеген, тарбия бөлүмүнүн кызматкерлери жана 15 студенттен турган топ “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” арналган, “Ош декларациясынын” алкагында Талас мамлекеттик университетинде уюштурулган, өлкөбүздүн 9 жогорку окуу жайынын башын бириктирген “Студенттер – билимдүү жана бирдиктүү Кыргызстан үчүн” деген Достук фестивалына катышып келди.

 

Факультеттер аралык мамлекеттик тил жана орус тил кафедралары жайкы окутуу семинарын өткөрдү

00

2019-жылдын 13-июнь күнү факультеттер аралык мамлекеттик тил жана орус тил кафедралары окуу башкармалыгынын сапаттык бөлүмү менен биргеликте башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Окуу процессине тиешелүү ОМК, жумушчу программаларды түзүү боюнча талаптар” аталышындагы жайкы  окутуу семинарын өткөрдү. Жыйынга факультеттер аралык мамлекеттик тил, орус тил жана чет тилдер кафедраларынын жамааты катышты.

 

Кытайлык өнөктөш Хуан Юнцзун мырзага "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

0

2019-жылдын 13-июнунда Пекиндеги маданий коммуникация борборунун директору, "New Classic Press" басмаканасынын башкы редактору, профессор Хуан Юнцзун мырзага "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды. Ректораттын жыйындар залындагы бул окуяга арналган салтанаттуу жыйында КУУнун ректору Канат Садыков сыйлык ээси жөнүндө кыскача маалымат берип, катышуучулардын дүркүрөгөн кол чабуусунун коштоосунда Хуан Юнцзун мырзага аталган наамдын дипломун тапшырды.

 

КУУнун ага окутуучусу Москва, Санкт-Петербург, Севастополь шаарларында иш сапарда болуп келди

00

2019-жылдын 6-8-июнь күндөрү тарых жана чөлкөм таануу факультетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын ага окутуучусу Жантелиева Нурзада Севастополь шаарында өткөн «Крымдын Жер ортолук деңиз аймагы жана Чыгыш өлкөлөрү менен тарыхый, маданий, саясий, улуттар аралык жана дин маселелери боюнча байланыштары» аттуу эл аралык конференцияга катышып келди.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери ОшМУда практикада болушту

00

Кыргыз филологиясы факультетинин котормо жана котормо таануу бөлүмүнүн ККТ-1-16 группасынын студенттери 20-майдан 8-июнга чейин Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде өндүрүштүк практика өткөрүү жана академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында болуп келишти. Аталган практика эки тараптуу кызматташуу боюнча КУУнун ректору Канат Садыков менен менен ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 2019-жылдын 7-майында  кол койгон келишимдин негизинде ишке ашырылды. 

 

Факультеттер аралык кафедралардын профессордук-окутуучулар курамы шайланды (толукталды)

00

Бул тууралуу Окумуштуулар кеңешинин 2019-жылдын 7-июнь күнү болуп өткөн отурумунда белгилүү болду. Жыйынды аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков ачып, 2017-жылдын 24-январында факультет декандарын, ошол эле жылдын 10, 28-29-ноябрында кафедра башчыларын шайлоо өткөрүлгөн болсо, бүгүн факультеттер аралык кафедралардын профессордук-окутуучулар курамынын ваканттык орундарына шайлоо өткөрүлөөрүн билдирди. 

 

КУУнун окумуштууларына ЖАКтын расмий документтери тапшырылды

00

2019-жылдын 6-июнь күнү КУУнун ректору Канат Садыков окуу жайдын айрым окутуучуларына Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан ыйгарылган окумуштуулук наамдын аттестаттарын жана окумуштуулук даражанын дипломдорун тапшырды. Иш чаранын соңунда КУУнун ректору расмий документ ээлерине чың ден соолук жана мындан аркы илимий, чыгармачыл ийгиликтерди каалады.

 

Ректорат КУУнун профессордук–окутуучулар жамаатына ифтар өткөрдү

00

2019-жылдын 3-июнунда КУУнун ректораты тарабынан окуу жайдын орозо кармаган профессордук–окутуучулар жамааты үчүн ифтар (ооз ачыруу) өткөрүлдү. Урматтуу Кыргыз улуттук университетинин жалпы жамааты! Баарыңыздардын кармаган орозоңуздар кабыл болуп, эртеңки Айт майрамыңыздар кут болсун, университетибизге кут конуп, ынтымак-ырашкерлик жылоолосун, атпай журтубузда ырыс-береке, токчулук жана молчулук болсун!

 

Балдар - биздин келечегибиз!

00

2019-жылдын 1-июнь күнү кесиптик бирлик комитети "Балдарды коргоо күнүнө” карата жылдагыдай эле майрамдык иш чара өткөрдү. Аталган уюмдун “Жаштар канаты” тарабынан КУУнун кызматкерлеринин балдарына арналган оюн-зоок программасы эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгүндө кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков балдарды майрамы менен куттуктап,  аларга узун өмүр, чың  ден соолук каалап, балдар биздин келечегибиз экенин айтып, кесиптик бирлик комитети бүгүнкү майрамга чоң жоопкерчилик менен даярданганын белгиледи.

 

Страница 15 из 32

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 962 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары