2026-жылдын 30-октябрында медицина илимдеринин доктору, профессор, жогорку категориядагы дарыгер травматолог-ортопед жана Эл аралык Европа университетинин профессору Гулия Сатындиевна Кожакматова Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Сүлүктүдөгү А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институтунун Медициналык колледжинде конок лекция өттү.
Жогорку кесипкөй деңгээлде өткөн бул тажрыйба алмашуу иш-чарасында болочок медиктер керектүү практикалык билим алып, өзүлөрүнүн суроолоруна жооп ала алышты.
Студенттерибиздин кесиптик өнүгүүсүнө салым кошуп, убакыт бөлгөндүгү үчүн Гулия Сатындиевнага терең ыраазычылык билдиребиз!
Гулия Кожакматова атасы, көрүнүктүү окумуштуу, медицина илимдеринин доктору, профессор Сатынды Кожокматов өзүнүн эмгек жолун дал ушул кенчилер шаары Сүлүктүдөн баштап, көп жылдар бою хирургия бөлүмүн жетектеген. Ата жолун улантып келе жаткан Гулия Сатындиевнанын келип, студенттерге сабак өтүшү биз үчүн өзгөчө жагымдуу жана сыймыктуу учур болду.
(С) Абдиева А. — КУУ СГЭИнин медициналык колледжинин бөлүм башчысы, т.и.к.