КУУнун Бириккен кесиптик бирлик комитети жалпыңыздарды — университетибиздин көп миңдүү жамаатын, профессордук-окутуучулук курамын, бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерин жана студенттерин жалпыбыздын кесиптик майрамыбыз — 31-май Университет күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
КУУ — өлкөбүздөгү эң алгачкы жогорку окуу жайы жана ошол эле учурда биринчи университет болуп саналат!
2025-жылы баарыбыз биргеликте Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине арналган ар кыл форматтагы жана багыттагы ири масштабдагы юбилейлик иш-чаралардын күбөсү жана катышуучусу болдук. Алардын көпчүлүгү мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
100 жылдык тарыхында университетибиз ар түрдүү кесиптик багыттар боюнча 190 миңден ашуун адисти даярдап чыгарды. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасынын беш Баатыры, үч Эмгек Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын 11 академиги, 40 эл жазуучусу жана акыны, ошондой эле Олимпиада оюндарынын эки чемпиону бар.
Ар кайсы жылдары “Кыргыз Республикасынын Эл мугалими” ардактуу наамына ээ болгон педагогдордун 16сы — КУУнун бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.
Бул инсандардын жана башка көптөгөн бүтүрүүчүлөрүбүздүн ийгиликтерине Улуттук университеттин жамаатынын жогорку кесипкөйлүк менен жүргүзгөн эмгеги түздөн — түз байланыштуу.
Бүгүнкү күндө өндүрүш тармактарынын жана жогорку кесиптик билим берүү системасынын терең өзгөрүү доорунда КУУнун жана анын көп миңдүү жамаатынын алдында мамлекетибиз күткөн маанилүү кесиптик милдеттер турат. Аларды сапаттуу жана натыйжалуу чечүү — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.
Биримдикте, өз ара кызматташтыкта жана сый — урматта гана биз алдыга карай ишенимдүү кадам таштай алабыз. Университетибиздин жакынкы жылдардагы жана келечектеги тагдыры — өзүбүздүн колубузда.
КУУнун Профсоюз комитети Улуттук университеттин жалпы жамаатына, жетекчилигине, профессордук — окутуучулук курамына, бардык кызматкерлерине, студенттерине жана профсоюздук активине чыгармачыл эмгекте жана окууда чоң ийгиликтерди, түгөнгүс энергияны, оптимизмди, кесиптик өсүүнү жана жаңы бийиктиктерди каалайт!
Сиздерге бекем ден соолук, бакыт — таалай, үй — бүлөлүк бакубатчылык, ийгилик жана өзүңүздөргө болгон ишеним каалайбыз!
Майрамыңыздар менен, урматтуу кесиптештер!
(С) Жумабеков К.С. — КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы