2026-жылдын 10-ноябрында Румыниянын Орадия университетинин профессору Стилиан Нистри География, экология жана туризм факультетинин студенттерине “Өзгөчө корголуучу аймактар- Румыниянын мисалында” деген темада онлайн лекция өткөрдү.
Илим күнүнө карата өткөрүлгөн бул иш-чараны туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын башчысы, доцент Нарынбек уулу Курманбек жана ага окутуучусу Аида Абыкеева уюштурушту.
(С) Аида Абыкеева — илимий иштер боюнча декандын орун басары