2025-жылдын 28-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн өкүлдөрү жаңы жылдык кайрымдуулук демилгесинин алкагында Сокулук районунда жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө барып келишти. Иш-чарага «Кайрымдуулук акциясы» уюштурулуп ага университеттин бардык студенттери, ошондой эле институт, факультеттер активдүү катышышты. Акциянын алкагында чогулган акча каражатына балдардын муктаждыктарына ылайык керектүү буюмдарды жана Жаңы жылдык белектерди алып беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер балдар менен жакындан баарлашып, алар үчүн атайын даярдалган оюн-зоокторду жана майрамдык программаны тартуулашты. Майрамдын көркүн ачкан Аяз Ата менен Аяз кыздын катышуусу менен уюштурулган иш-чара балдардын жүзүнө жылмаюу тартуулап, унутулгус таасир калтырды.
Студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтү мындан ары да коомго пайдалуу, социалдык маанидеги кайрымдуулук демилгелерин үзгүлтүксүз уюштурууну максат кылат. Мындай иш-чаралар жаштар арасында боорукерликти, ынтымакты жана жарандык жоопкерчиликти калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт.
(С) Абдыбекова Айжан — жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчысы
