2026-жылдын 6-ноябрында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Журналистика жана коммуникация институту менен университеттин Басма сөз кызматынын кызматкерлерин кабыл алып, кесиптик майрамы менен куттуктады.

Иш-чарага биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, аймактык маселелер боюнча проректор Кундузгүл Базакеева жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов катышты.

Ректор жана проректорлор Журналистика жана коммуникация институтунун жалпы жамааты, директору Ширин Костюктун окуу жайдын өнүгүшүнө кошкон салымын, өлкө үчүн кесипкөй журналисттерди жана медиа адистерин даярдоодогу үзүрлүү эмгегин баса белгилешип, институттун Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде ири телерадиокорпорация УТРК менен түзүлгөн тыгыз кызматташтыгынын маанилүүлүгүнө токтолушту.

Майрамга карата «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен Журналистика жана коммуникация институтунун төмөнкү кызматкерлери сыйланышты:

  • Калчаева Лира Темирбековна- “Медиакоммуникациялар” ОКББнын жетекчиси, “ Телевидение” ББПнын улук окутуучусу;
  • Керимова Бегимай Жаныбековна — “Телевидение” ББПнын улук окутуучусу;
  • Джаныбекова Перизат Джаныбековна — “ Баласагын” радиостудиясынын адиси;
  • ⁠Дастан уулу Адилет — “ Баласагын ТВ” студиясынын жетекчиси.

Ушундай эле медаль менен КУУнун Басма сөз кызматынын башкы адиси (журналист) Бегимай Бактыбек кызы жана адис-сүрөтчүлөрү Байэл Бактыяров менен Муслима Абдилдаева да сыйланышты.

Сыйлык ээлерин дагы бир жолу куттуктайбыз! Баарыңыздарга чың ден соолук, чыгармачылык дем-күч, жаңы жетишкендиктерди каалайбыз! Мындан ары да университеттин маалыматтык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар артып, ар дайым эмгегиңиздер жогору бааланып, ийгиликтериңиздер арбын болсун!