2025-жылдын 24-ноябрынан 7-декабрына чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттеринин тобу Ош мамлекеттик университетинде өткөн кыска мөөнөттүү академиялык мобилдүүлүк программасына катышты.

Эки жума аралыгында алар окуу процесси менен таанышып, лекцияларга катышты жана практикалык сабактар менен талкуу аянтчаларында активдүү иштешти. Бул тажрыйба алардын кесиптик билимин кеңейтип, академиялык компетенцияларын бекемдөөгө өбөлгө болду.

Мобилдүүлүк алкагында ОшМУнун материалдык-техникалык базасы менен таанышууга өзгөчө көңүл бурулду. Студенттер лабораторияларды жана адистештирилген кабинеттерди көрүп, окуу процессинде колдонулган жаңы технологиялар менен таанышышты жана университеттин илимий-изилдөө иштеринин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.

Бул программа студенттердин багытын кеңейтип, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү менен бирге, Ж.Баласагын атындагы КУУ менен ОшМУнун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого маанилүү салым кошту.

Окуу программасы аяктагандан кийин ар бир катышуучу программаны ийгиликтүү өткөнүн жана белгиленген иш-чараларга активдүү катышканын тастыктаган расмий сертификат менен сыйланды.

Программага төмөнкү студенттер катышты:

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети:

  • Шамырзаев Баялы Доолоталиевич
  • Курманбекова Айдана Мирлановна
  • Бактыяров Байэл Алтынбекович.

Менеджмент жана бизнес институту:

  • Бапанова Алия Токтаалыевна.

Юридикалык колледж:

  • Таирбеков Нуртилек Замирбекович.

Тарых жана чөлкөм таануу институту:

  • Дуйшенбекова Индира Максатовна.

(С) Саадат Шерматова – академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспортоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий