2026-жылдын 11-ноябрында «Келечек МIТ» билим берүү комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев Кыргыз филологиясы факультетинин 3-4-курс студенттерине «Уңгу жол – улуттук негиз, санариптик окутуу – келечекке кадам» деген темада мастер-класс өткөрдү. Сабакка о.э. факультеттин деканы жана профессор-окутуучулар катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун идеясын ишке ашыруу, кыргыз тили жана адабияты сабактарында улуттук баалуулуктарды санариптик технологиялар менен айкалыштырып окутуунун натыйжалуу жолдорун көрсөтүү, заманбап педагогикалык ыкмаларды өздөштүрүү жана окуу процессин кызыктуу уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүү болду.
Мастер-класстын жүрүшүндө кыргыз тили жана адабияты сабактарында санариптик технологияларды пайдалануунун жолдору, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруучу заманбап ыкмалар жана улуттук мазмунду санариптик каражаттар аркылуу жеткирүү, тилди окутууда инновациялык ыкмаларды колдонуу боюнча практикалык тажрыйбалар көрсөтүлдү.
4-курстун педагогикалык практикага чыга турган студенттер үчүн мастер-класс өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени анда көрсөтүлгөн санариптик каражаттар жана окутуу ыкмалары студенттердин мектептеги практикалык ишмердүүлүгүндө колдонууга багытталды. Бул келечектеги мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, сабактарды заманбап талаптарга ылайык уюштурууга жана окуучулар менен натыйжалуу иш алып барууга өбөлгө түзөт.
Иш-чара студенттердин активдүү катышуусу менен коштолду. Мастер-класстын жүрүшүндө суроо-жооптор уюштурулуп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча пикир алышты. Жандуу талкуу жана практикалык иш-аракеттер мастер-класстын мазмунун байытып, студенттердин санариптик окутууга болгон кызыгуусун арттырды.
Кыргыз филологиясы факультети мастер-классты жогорку деңгээлде өткөрүп, баалуу тажрыйбасы менен бөлүшкөн Нурислам Эргешалиевге терең ыраазычылык билдиребиз.
(С) Аскар кызы Жылдыз — Профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент