2026-жылдын 23-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде чоң жыйындар залында «VI Эл аралык түрк дүйнөсү коммуникация жана искусство” симпозиумунун экинчи күнү өттү.
Эл аралык иш-чара Түрк дүйнөсүндөгү коммуникация жана искусство тармактары боюнча актуалдуу илимий маселелерди талкуулоо, тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөө ыкмаларын иштеп чыгуу, учурдагы көйгөйлөрдү аныктоо жана келечектеги биргелешкен долбоорлор үчүн бекем негиз түзүү максатын көздөйт.
Симпозиумду КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев расмий түрдө ачып, Улуттук университеттин Түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөр менен илимий-билим берүү жана маданий байланыштары жакшы нукта өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун бир катар алгылыктуу иштерине токтолуп, симпозиумдун алкагында демилгеленген бардык өнөктөштүк долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди жана катышуучуларга ийгилик каалады.
Экинчи күндүн иш-чарасын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргызстан Журналисттер союзу, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети биргеликте уюштурушту.
Симпозиумга Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясынын төрагасы Мендерес Демир, Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев, Түрк Интернети медиа биримдиги менен Казакстан менен Өзбекстандын өкүлдөрү, о.э. окумуштуулар жана медиа тармагындагы адистер катышып, Түрк дүйнөсүндөгү маданий байланыштарды өркүндөтүү, журналистиканын өнүгүшү, санариптик технологиялар жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын жайылтуу, медиа тармагындагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сөз сүйлөштү.
Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын журналисттик уюмдарынын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин таланттуу студенттери музыкалык чыгармаларды аткарышты. Ошондой эле «XI Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар фестивалынын» алкагындагы тасмалар катышуучуларга көрсөтүлдү.
Симпозиумдун экинчи бөлүгү илимий маселелерди талкуулоо менен улантылды. Баяндамаларда коммуникация, журналистика, маалыматтык технологиялар жана маданий мурастарга байланыштуу актуалдуу темалар каралды.
Профессор, доктор Элиф Шешен төрагалык кылган биринчи отурумда коммуникация факультетинин студенттеринин алгоритмдик маалымат жана маалымдуулук деңгээлин изилдөө, журналистикадагы анализ жана аналитикалык журналистика, жасалма интеллекттин жардамы менен тартылган мультфильмдерде түрк дүйнөсүнүн маданий мурасын чагылдыруу маселелери сунушталды.
Профессор, доктор Гүлжан Ышык төрагалык кылган экинчи отурумда робот-чаң соргучту хакердик чабуулдан коргоо маселеси, Анадолунун кылымдык басма мурасы, «Деде Коркут» китебиндеги дене тарбия темасы жана башка илимий багыттар боюнча баяндамалар каралды.
Симпозиумдун онлайн бөлүгүндө да кеңири илимий программа уюштурулду. Нигде Өмер Халисдемир университетинин Коммуникация факультети тарабынан өткөрүлгөн онлайн отурумдарда 12 секция боюнча 70тен ашык илимий баяндама сунушталары программада белгиленген. Алар жасалма интеллект жана медиа, түрк дүйнөсүндөгү санариптик трансформация, маданияттар аралык дипломатия, Чыңгыз Айтматовдун мурасы, кийиз өнөрү жана туруктуу мода, аймактык журналистика сыяктуу темаларды камтыды.
Симпозиумдун маанилүү багыттарынын бири — түрк дүйнөсүндөгү журналисттик уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө. Иш-чаранын материалдарында маалымат алмашууну өнүктүрүү, биргелешкен медиа долбоорлорду ишке ашыруу жана түрк дүйнөсүнүн жаңылыктарын бир платформага топтой турган маалымат порталын түзүү боюнча кызматташтык протоколу каралган.
Документте журналистика, интернет-медиа, санариптик басма жана жаңы медиа технологиялары жаатында тажрыйба алмашуу, биргелешкен кабарларды, маектерди, даректүү тасмаларды жана санариптик контентти даярдоо багыттары белгиленген. Мындай демилгелер түрк дүйнөсүндөгү медиа уюмдардын байланышын чыңдоого жана жалпы маданий баалуулуктарды кеңири таанытууга багытталган.
Белгилей кетсек, симпозиум буга чейин Түркия, Азербайджан (Баку), Өзбекстан (Ташкент) жана Казакстанда (Алматы) ийгиликтүү өткөрүлгөн болсо, кезектеги VI жыйын Бишкек шаарында уюштурулууда.