Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, проф. Д.Т.Чонтоевдин 2024-жылдын 19-декабрында № 562 буйругунун негизинде түзүлгөн КУУнун Аксакалдар кеңеши бир жыл ичинде өз иш аракетин үч багытта алып барды.
- Жаштарды Мекенди сүйүүгө, атуулдук ариеттүүлүккө, окууда жана коомдук иштерде алдыңкы сапта болууга, өлкөбүздүн жетишкендиктерин туу тутууга жана анын алдыңкы атуулдарынын өрнөктүү өмүрлөрүн кадырлоого тарбиялоо багытында “Из калтыр” деп аталган жалпы темада иш алып баруу;
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык маарекесинин алкагында окуу жайдын басып өткөн жолу тууралуу атпай журтка маалымат жеткирүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу;
- Окуу жайыбыздын ректору, проф. Д.Т.Чонтоев демилгелеген “100 жылдыкка – 100 китеп”, “100 жылдыкка – 100 кабинет” демилгесин ишке ашырууга активдүү катышуу.
I. “Из калтыр” деп аталган жалпы темада иш алып баруу өлкөбүздөгү өмүрү өрнөк инсандар менен студенттердин жолугушуусу аркылуу жүргүзүлдү. Алгач:
- 17-апрель күнү атактуу советтик жана кыргыз нейрохирургу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Миталип Мамытович Мамытов;
- 20-май күнү көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын мурдагы коргоо министри, генерал-лейтенант Исмаил Исакович Исаков менен эң кызыктуу жолугуушулар өткөрүлдү.
II. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык маарекесинин алкагында окуу жайдын басып өткөн жолу тууралуу атпай журтка маалымат жеткирүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен төмөнкүдөй иштер жасалды:
- Садык Алахан. Кылым карыткан Улуттук университет. // “Кыргыз Туусу”, 2024, 20-сентябарь, 5-бет. № 70 (24842). (0,5 басма табак).
- Улуттук университет – улуттук билим берүүнүн уюткусу// УТРК, Биринчи радио, ”Инсанат” программасы, Алып барган: Зинакан Кайыпова. – 2025, 8-июнь. Саат 8.00. – 8.45;
- Кылым карыткан ЖОЖдун байсалдуу жолу. // ЭлТР. Алып барган Аида Шакенова. 2025, 12-сентябрь. Саат 18.00. – 18.30;
- Мухтар Борбугуловду эскерүү. // “Кыргыз Туусу”, 2025, 21-ноябрь. № 89 (24959). (Жазган Анара Арзыбай кызы. “Кыргыз Туусу”).
Окуу жайыбыздын ректору, проф. Д.Т.Чонтоев демилгелеген “100 жылдыкка – 100 китеп”, “100 жылдыкка – 100 кабинет” демилгесинин алкагында окуу жайыбыздын улуу муундагы өкүлдөрү өтө активдүү иш алып барышып, жаштар жана орто курактагы окумуштуу-педагогдор менен бир катарда бүгүнкү күндүн талаптарына шайкеш келип турган жогорку сапаттагы монографияларды, окуу китептери менен окуу куралдарын жазышты.
(Төмөндө ал эмгектердин айрымдарын алфавиттик тартипте сунуштайбыз):
III. “100 жылдыкка – 100 китеп” долбоорунун алкагында:
- 1. Акматов А.А. (Авторлош). Экономический анализ. (Учебное пособие).
- 2. Акмолдоева Ш.Б., Садыков К.Ж. Манастаануу. (Окуу куралы).
- 3. Акчекеева М.С. Француз тилинин фонетикасы. (Окуу куралы).
- 4. Алахан С. Улуттук университет: кечээ жана бүгүн. (Окуу куралы).
- 5. Алыбаев Ж.Б. (Авторлош). Макроэкономика. (Окуу куралы).
- 6. Арзыматов А. Енисей кыргыздарынын XVII-XVIII кылымдардагы тарыхынан. (Монография).
- 7. Байсабаев Б.А. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын орус тилдүү мектептерде окутуунун методикасы. (Окуу куралы).
- 8. Баячорова Б.Ч. (Авторлош). Жасалма интеллект системаларын иштеп чыгуу жана колдонуу алгоритминин негиздери. (Окуу куралы).
- 9. Ботобеков А.Б. (Авторлош). Бухгалтердик эсептин тарыхы. (Окуу китеби).
- 10. Джаманкулова К.Т. Азыркы тил илиминин методологиясы. (Окуу методикалык куралы).
- 11. Бейбутова Р.А. (Авторлош). Политическая культура международных отношений: История, теория и методология. (Монография).
- 12. Искаков И.И. Теневая экономика. (Учебник).
- 13. Кадышев С. Электроника (1, 2 – том). (Окуу китеби).
- 14. Мамбетакунов Э.М. (Авторлош). Азыркы табият таануунун концепциялары. (Окуу куралы).
- 15. Медетов А. Кыргыз аңгемесинин поэтикасы. (Монография).
- 16. Сарылбекова З. Кыргыз тили. (Экинчи тил жана чет тил катары). (Окуу китеби).
- 17. Шаршенова Р.М. Англис тилинин лексикологиясы. (Окуу куралы).
- 18. Шейшеканов Т.Б. Кыргызстандагы 1016-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жол башчыларынын жана жетекчилеринин тарыхтагы орду жана ролу. (Монография).
- 19. Шекеков А.Ш., Сулайманова Ш.С. Вирусология. (Окуу китеби).
IV. “100 жылдыкка – 100 кабинет” долбоорунун алкагында окуу жайыбызда иштеп жатышкан көрүнүктүү аксакал окумуштуулардын төмөндөгүдөй кабинеттери ачылды:
- 1. И.И.Искаков, э.и.д., проф. “Окуу-маалыматтык кабинети”.
- 2. Н.А.Асипова, п.и.д., проф. “Нурбүбү Асаналиевна Асипованын илимий мектеби”.
- 3. Ж.А.Чыманов, п.и.д., проф. “Профессор Жеңишбек Чыманов атындагы окуу-методикалык кабинети”
- 4. А.М.Матисаков. проф. “КР эл жазуучусу Абдиламит Мурзаевич Матисаков атындагы аудитория”;
- 5. Т.Ө.Өмүрова, филос.и.к., проф. “Дин таануу жана теология кабинети” ж.б.
Эки кабинет тууралуу КТРКнын “Замана” көрсөтүүсүндө бүт өлкөбүзгө маалымдалды. (Алып барган Атахан Кожогулов)
V. Булардан сырткары Аксакалдар кеңеши тарабынан табылган демөөрчүлөрдүн колдоосу менен төмөндөгү аксакал окумуштууларыбыздын китептери басылып чыкканы турат:
- 1. Б.Темиров. (Авторлош). Вектордук алгебранын негиздери (1-бөлүм);
- 2. Г.Соронкулов. «…Из дальних странствий возвратясь…»;
- 3. Т.Шейшеканов. 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө дагы бир сереп;
- 4. С.Алахан. Райкандын термелери. Адабий талдоолор.
Келе жаткан жаңы 2026-жылда да Аксакалдар кеңеши
- “Из калтыр” деп аталган жалпы теманын алкагында өмүрү өрнөк адамдар менен студенттерибиздин кызыктуу жолугушууларын өткөрүүнү;
- Улуттук университетибиздин пайдубалын түптөшкөн жана бүгүнкү бийиктигине жетүүсүнө зор эмгек сиңирген залкар окумуштуулар менен педагогдор жөнүндө материалдарды ЖМКлар аркылуу атпай журтка жеткирүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин№ 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгына байланыштуу иш чараларды өткөрүүнү
уланта бермекчи.
(С) Садык Алахан — КУУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы