Учурда Бажы иши жана логистика факультетинде жарыяланып жана өтүп жаткан Маданий айлыктын алкагында жана кыргыз театралдык искусствосунун 100 жылдыгына карата студенттерибиз унутулгус маданий кечени өткөрүштү. Бул жолу студенттер легендарлуу ГИТИСтин (Россия мамлекеттик театралдык искусство институту) таланттуу студенттери тарабынан даярдалган улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган «Биринчи мугалим» спектаклине күбө болуп кайтты.

Бул постановканы Россия мамлекеттик театралдык искусство институтунун (ГИТИС) кыргыз-орус тобунун студенттери тартуулашты. 2023-жылы «Россотрудничествонун» колдоосу менен кырк жылдан бери биринчи жолу ГИТИСке кыргыз-орус тобуна кабыл алуу жүргүзүлгөндүгүн эн маанилүү учур деп белгилесек болот.  Аталган окуу жай  кыргыз театрынын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт — анын бүтүрүүчүлөрү улуттук актердук мектепти, режиссураны жана театралдык педагогиканы өнүктүрүүгө зор салым кошкон. Окуу жайдын студенттеринин кыргыз театралдык искусствосунун 100 жылдык юбилейлик мааракесине  келүүсү — бул тарыхый байланыштарды бекемдеп, Кыргызстан менен Россиянын чыгармачылык кызматташтыгын жандандыруучу символикалык кадам.

Сахнадагы жандуу эмоциялар, жаш актёрлордун чеберчилиги жана терең маанилүү сюжет көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алды. Маданий айлыктын алкагындагы бул иш-чара жөн гана көрүү эмес, чыныгы искусство менен баарлашуу, руханий азык алуу болду.

Спектакль аяктагандан кийин студенттерибиз өздөрүнүн таасирлери менен бөлүшүп, актёрлордун энергиясы жана кесипкөйлүгү абдан чоң шыктандыруу тартуулаганын белгилешти. «Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча коюлган „Биринчи мугалим“ спектаклинде болдум. Кырк жылдык тыныгуудан кийин кайрадан ачылган кыргыз-орус студиясынын жаштарынын бир сахнада биригип, улуу жазуучунун чыгармасын жандырганын көрүү абдан жагымдуу жана таасирдүү болду. Бул эки өлкөнүн маданий байланышын дагы бир ирет бекемдеди», — деп бөлүштү студенттер.

Биздин жаштардын рухий дүйнөсүн байытууга жана маданиятка болгон кызыгуусун арттырууга багытталган мындай иш-чаралар Маданий айлыктын алкагында жигердүү уланмакчы!

(С) Р.Т.Ибраимов — Бажы иши жана логистика факультетинин деканы