2026-жылдын 26–28-январь күндөрү Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясы тарабынан Бишкек шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кызматкерлеринин арасында “Ден соолук” спартакиадасын өткөрдү.

Билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана спорттук ынтымакты бекемдөөгө багытталган бул мелдешке Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин волейбол боюнча эркектер курама командасы 45 жаштан жогору курактагы категорияда активдүү катышты. Команданын курамы университеттин жетекчилери жана ар кандай түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенген тажрыйбалуу кызматкерлерден түзүлүп, жогорку деңгээлдеги спорттук даярдыкты жана командалык ынтымакты көрсөтө алышты.

Команданын курамы: Чонтоев Догдурбек, Каштабаев Абдилатип, Турдубаев Алмаз, Мусакулов Таир, Асаналиев Жылдызбек, Жусубалиев Абдикайым, Кыдыралиев Алмаз, Бүлекбаев Азиз, Джангазиев Серик жана Салейдинов Калдыбай.

Команданы машыктыруучу Бакыт Кадыров жетектеп, оюнчулардын физикалык даярдыгын жогорулатууга жана тактикалык чеберчилигин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Күчтүү атаандаштык шартында өткөн мелдештин жыйынтыгында КУУнун курама командасы сыймыктуу III орунду багындырып, университеттин намысын татыктуу коргой алды. Бул жетишкендик команда мүчөлөрүнүн тынымсыз машыгуусунун, жоопкерчиликтүү мамилесинин жана спортко болгон берилгендигинин натыйжасы болуп саналат.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети мындан ары да кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого, массалык спортту өнүктүрүүгө жана спорттук мелдештерге активдүү катышууга өзгөчө маани берет.

(С) Мусакулов Т. — жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий