2025-жылдын 30-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, ректорат курамы жана Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Алымбек Кушубеков институттун мурдагы директору, маркум Сырдыбаев Туратбек Токтобековичтин үйүнө барып, куран окутуп келишти.

Ректор маркумдун апасы Анаркул эжеге, жубайы Назира Ишенбековнага көңүл айтып, Туратбек Токтобековичтин Кыргыз улуттук университетинин кадыр-баркын жана илимий потенциалын чыңдоого багытталган көптөгөн ой-максаттарды, пландарды иштеп чыгып, алардын ишке ашуусуна зор эмгек сиңиргендигин,  өмүрүнүн соңуна чейин университеттин, институттун өнүгүүсүнө, илимий жана руханий потенциалын көтөрүүгө талыкпай эмгектенгендигин, Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын даярдыгына жана жогорку деңгээлде өткөрүлүшүнө көзү тирүүсүндө чоң салым кошуп, уюштуруу иштеринин башында тургандыгын белгилеп, Ж.Баласагын атындагы КУУнун юбилейлик медалын тапшырды жана  уулдары Сталбек, Элбарс, Шербарс, кызы Акакка арнап алган белектерин берди.

Туратбек Токтобековичтин жаркын элеси түбөлүк эсибизде сакталат жана унутулбайт.

(С) Чодолдоева Г.Ж. – ТжЧТИ директорунун орун басары

Добавить комментарий