КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун илимий кызматкерлери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин ортосундагы «Көөнө тарых сырлары» (2023-2027-жж) мамлекеттик программасынын алкагында Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жайгашкан орто кылымдардагы «Төрт-Күл» (Кочкор башы) шаар чалдыбарында казуу иштерин улантууда. Изилдөөлөргө аталган институттун окуутучусу, археолог О.А.Солтобаев жетекчилик кылып, институттун 4-курс студенттери жана жергиликтуу туургундар катышууда.

2024-2025-жылдардагы изилдөөлөрдө XI кылымга мүнөздүү дене ысытуучу (парилка), суу топтоп жуунуучу (ванна) жана жылытуучу от казаны (печка) бар бөлмөлөрдөн турган чакан коомдук мончо (хамамм) ачылган. Мончонун пайдубалы таштан жана бышкан кыштан кыналып, атайын шыбак менен бир канча жолу шыбалган. Бөлмөлөрдүн тамандары да атайын туруктуу ылай менен шыбалган. Бөлмөлөрдө жана мончонун урандыларында карапа идиштеринин фрагменттери, XI-XII кылымдарга таандык коло тыйындар табылган. Айрым тыйындар мусулман тыйын жасоо үлгүсүндө жасалган.

2026-жылдагы изилдөөлөрдө от казандары жана мончону жылытуу системасы ачылды. Жылытуу системасында көмүр жана жыгач колдонулган. Чалдыбардын борбордук бөлүгүндө казуу-изилдөө иштери уланууда. Алдын ала изилдөөлөрдө диаметри 8 м, бийиктиги 2,5 м келген шаардыктардын устаканасы ачылды. Ал тегерек формада болуп, устаканада түрдүү карапа идиштерин, жез, темир, айнек иштетишкен. Устакананын айланасында бышкан кыштан жана таштан салынган очоктор ачылууда. Табылгалардын негизги топтомун айрым фрагменттерине сүрөт, орнаменттер түшүрүлүп, сыр, лак менен капталган. XI-XII кылымдарга таандык тыйындар табылгаларды өзгөчө топтомун түзөт.

Мончо (хамамм), устакана — ички Теңир-Тоодо жайгашкан шаар чалдыбарындагы алгачкы изилденген археологиялык мурастар. Аларды Кыргыз тарыхынын байыркы жана орто кылымдардагы жаңы багыты катары кароого болот.

«Төрт-Күл» (Кочкор башы) шаар чалдыбарындагы изилдөө иштеринин жүрүшү жана жаы ачылыштар менен КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу жеринен таанышып, Улуттук университеттин окумуштуу-тарыхчылары менен студенттерине ыраазычылык билдирди жана жаңы табылгалар менен ийгиликтерди каалады.