2026-жылдын 28-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында болуп өткөн Борбордук Азиянын эл аралык билим берүү форумуна (CAIEF 2026) катышты.

Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги уюштурган иш-чарага 14 өлкөдөн 1500дөн ашуун өкүл катышып, Форум «Борбордук Азия – билим берүүнүн, илимдин жана инновациялардын жаңы мейкиндиги» деген ураан менен өттү.

Эл аралык жыйында министрлер, ректорлор, окумуштуулар жана эксперттер бүгүнкү күндө жогорку мектептин келечегин аныктап жаткан негизги чакырыктарды талкуулашты. Алардын катарында жасалма интеллект менен санариптик технологияларды окуу процессине киргизүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана инновациялык долбоорлорду өнүктүрүү, аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү бар.

Кыргыз улуттук университети үчүн форум ири аймактык диалогго кошулуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, конкреттүү макулдашууларга жетишилген убакыт болуп, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев Өзбекстан Республикасынын алдыңкы университеттеринин жетекчилери менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Тараптар биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруунун, студенттер менен окутуучулардын академиялык алмашууларынын, о.э. биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн келечегин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети, Термез мамлекеттик инженерия жана агротехнологиялар университети жана Бухара мамлекеттик университети менен кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлуп, жол карталары аныкталды.

Самарканд, Бухара жана Термез Улуу Жибек жолундагы байыркы билим жана маданият борборлору. Бүгүн алардын университеттери ушул салтты улантып келет. КУУ менен түзүлгөн жаңы байланыштар эки өлкөнүн студенттери менен окутуучуларына чогуу окууга, илимий изденүүгө жана чыгармачылыкка кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кол коюлган жол карталарында биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар белгиленген. Алар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы илимий-билим берүү байланыштарын мындан ары чыңдоого негиз болот. Алдыда академиялык алмашуулар, биргелешкен изилдөөлөр жана долбоорлор турат. Алар Борбордук Азиянын бирдиктүү билим берүү мейкиндигин жакындатат.

(С) Саадат Шерматова — академиялык мобилдүүлүк, билим берүү экспорту жана тармактык магистрдик программалар бөлүмүнүн башчысы