2026-жылдын 30-октябрында КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүнүн аппаратынын демилгеси жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен Баткен шаарында «Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык» аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүп, иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Сүлүктүдөгү А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институтунун Медициналык колледжинин студенттери жана жаш окутуучулары катышып келишти.

Коңшу өлкөлөрдүн жаштары катышкан Форумдун жүрүшүндө жаштардын коомдогу орду, мамлекеттер аралык достук мамилелерди чыңдоодогу ролу жана өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу пикирлер айтылды.

Иш-чаранын алкагында ийгиликке жетишкен жаштар өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана тажрыйбалары менен бөлүштү. Мындан тышкары, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жаштарынын ортосундагы байланышты бекемдөө, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылып, катышуучулар тарабынан колдоого алынды.

Эл аралык жаштар форумунун негизги максаты — коңшу мамлекеттердин жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө, ошондой эле өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү болуп саналат.

(С) Абдиева А. — КУУ СГЭИнин медициналык колледжинин бөлүм башчысы, т.и.к.