2026-жылдын 5-ноябрында Кыргызстан Ислам университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгына арналган «Илим, билим жана маданияттын өнүгүү келечеги» аттуу республикалык студенттердин илимий-практикалык конференциясы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чарага Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун социалдык иш жана динтаануу багытындагы студенттери доцент Б.А.Малтабаровдун илимий жетекчилиги астында активдүү катышышты.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышында илим, билим берүү жана руханий баалуулуктарды интеграциялоо маселелери боюнча төмөнкү абройлуу өкүлдөр куттуктоо сөз сүйлөп, конференциянын ишине ийгиликтерди каалашты:
- Матраимов Абдиваси Нусурович – Кыргызстан Ислам университетинин окуу иштери боюнча проректору, доцент;
- Эратов Равшан – Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
- Малтабаров Бакытбек Амирович – социология илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценти, Кыргызстандагы социологиялык ассоциациясынын вице-президенти;
- Ибраев Марс Каипович – Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан ислам университетинин доценти.
Пленардык бөлүктөн соң конференция өз ишин үч негизги секцияда улантты:
- Заманбап билим берүү, илим жана инновациялык технологиялар.
- Улуттук, руханий-адептик баалуулуктар жана маданий мурас.
- Коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана жаштардын илимий потенциалы.
Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун профессор Т.Омурова атындагы динтаануу жана теология кафедрасынын (2-курс, ИПР(б)-1-25 тайпасы) жана социология жана социалдык иштер кафедрасынын (3-курс, СРК(б)-1-24 тайпасы) студенттери төмөнкү актуалдуу темалар боюнча илимий баяндамаларын жакташты:
- Шаршенбекова Сейил Адылбековна – «Ааламдашуу доорундагы жаштардын илимий-интеллектуалдык потенциалы жана диний идентификациясы: социологиялык талдоо».
- Узакова Сайкал Талантбековна – «Мамлекеттик-конфессионалдык мамилелер: Илим менен диндин коомдук өнүгүүдөгү синергиясы социологиянын изилдөө объектиси катары».
- Саагынбекова Чолпонай Таалайбековна – «Кыргыз кино жана театр искусствосундагы диний-адептик мотивдердин коомдук аң-сезимге тийгизген таасири маданий социологиясынын изилдөө объектиси катары».
- Дженишбекова Айдана Болотовна – «Массалык маданияттын кысымы астында жаштардын руханий-маданий баалуулуктарын сактоодо диндин орду: социологиялык талдоо».
- Алымсеитова Алтынай Талайбековна – «Ислам дининдеги эмгек этикасы жана азыркы кыргыз жаштарынын кесиптик баагыты: социологиялык талдоо».
- Асанбекова Адеми Тимуровна – «Жаштардын дүйнөтанымын калыптандырууда диний билимдин жана мектептин/университеттин социалдаштыруучу ролу: социологиялык талдоо».
- Аскарбекова Арууке Адилетовна – «Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн ролу: Дин таануучу адистердин социалдык статусу».
- Каленова Айжаркын Талантбековна — «Билим берүү мекемелеринде руханий-адептик баалуулуктарды калыптандыруунун социологиялык механизмдери».
- Керимбаева Акылай Мукановна – «Азыркы кыргыз коомунда ата-эне менен балдар ортосундагы баалуулуктардын трансформациясы: Ислам дининин орду».
- Коргонбаева Айгерим Назировна – «Үй-бүлө институтун бекемдөөдө диний жана улуттук баалуулуктардын социологиялык аспектилери (Кыргызстандын мисалында)».
- Алтынбекова Айжан – «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын жогорулатууда Кыргызстандын реабилитациялык борборлоруна заманбап медициналык, педагогикалык жана психологиялык ыкмаларды киргизүү».
Конференциянын соңунда секциялардын жыйынтыктары чыгарылып, бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Айрыкча, коомдук-социалдык багыттагы абдан маанилүү жана актуалдуу маселени көтөрүп чыккан Алтынбекова А. өзүнүн илимий эмгеги үчүн II даражадагы диплом менен сыйланды.
Иш-чара илим менен билимди айкалыштыруу, жаштардын илимий потенциалын колдоо жана коомдогу руханий-адептик баалуулуктарды бекемдөө багытында натыйжалуу аянтча болгону баса белгиленди.
(С) Н.Б.Токоева — социология жана социалдык иштер кафедрасынын улук окутуучусу