2026-жылдын 10-ноябрь күнү №6 окуу имаратынын №126 академик М.Иманалиевдин илимий мурастары кабинетинде Эл аралык илим күнүнө карата Математика жана информатика институту тарабынан уюштурулган «Колдонмо информатикадагы моделдештирүү, оператордук теңдемелер жана бир калыптагы топология маселелери» аталышындагы магистрлердин ЖОЖдор аралык илимий- тажрыйбалык конференциясы өттү.

Жыйынды институт директору Изат Усенов ачып, конференциянын катышуучуларын өлкөбүздөгү Илим күнү менен куттуктап, агай-эжейлердин мындан аркы педогогикалык жана илимий ишмердүүлүктөрүнө албан-албан ийгиликтерди каалады.

«Колдонмо информатика» билим берүү программасынын жетекчиси, ф.-м.и.д., профессор, конференциянын уюштуруу комитетинин төрагасы Бекжан Темиров бүгүнкү иш-чара — магистрлердин илимий иштерин талкуулоочу аянтча экендиги жана конференциянын иштөө тартиби боюнча айтып, магистрлерди мындан ары да өтө турган илимий иштерге бүгүнкүдөй олуттуу мамиле жасоого чакырды.

Профессор Гулай Кененбаева жарыш сөзгө чыгып, бүгүнкү жыйын жаштар үчүн чоң мотивация болорун баса белгилеп, алардын мындан аркы прогресивдүү илим-билим алууларына тилектештигин билдирди.

Жыйындын биринчи бөлүгүндө профессорлор И.А.Усенов, Б.К.Темиров, Б.Э.Канетовдор пленардык докладдарды жасашты, экинчи бөлүгүндө секциялык иштер жүрүп, магистранттар мурдатан белгиленген темалар боюнча баяндамаларды жасашты.

Магистранттар жасаган баяндамалардан жыйындын катышуучулары математиканын табият таануда ээлеген орду, математиканы өнүктүрүүсүз эч кандай прогресс мүмкүн эместиги, биздин жашообуз ITтехнология ,нанотехнологиялар менен тыгыз байланышта болоору, жасалма интеллект жана Big Data тууралуу кеңири маалымат алышты.

Конференциянын жыйынтыгында төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды:

1. Конференция жаш окумуштууларга илимий жетишкендиктерин талкуулоочу аянтча болгондугу белгиленди;

2. Илимий-тажрыйбалык конференциянын масштабын кеңейтип, ЖОЖдор арасында уюштурулуучу конференцияга алып чыгуу каралды.

3. Алынган илимий жыйынтыктарды КУУнун жарчысынын атайын чыгарылышына жарыялоо маселеси каралды (12 докладдын ичинен 8 илимий  иш басмага чыгарууга сушунталды.)

4. Конференцияны кийинки жылы Эл аралык илим күнүнө карата уюштуруп, өткөрүү, «Академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТжЖМО» кафедрасына жүктөлдү.

Жыйындын соңунда институт директору Изат Усенов магистрлердин иш-аракетине ыраазычылык билдирип ,алардын келечекте илимдин өнүгүшүнө өз салымдарын кошоруна ишенерин билдирди.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент