7-ноябрь – Басма сөз жана маалымат күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн арасында футбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Аталган турнирге борбор калаадагы алдыңкы медиа өкүлдөрү катышты. Алардын арасында Журналистика жана коммуникация институтунун студенттеринен түзүлгөн жалгыз команда да күч сынашты.

Биздин студенттик топ тайманбастыгы, командалык биримдиги, өжөрлүгү жана жеңишке болгон күчтүү эрки менен айырмаланышты. Жыйынтыгында 11 команданын ичинен III орунду багындырып, 15 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Жеңишке жеткен студенттерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Кошумчалай кетчү нерсе, 2-курсунун студенти  Култаев Байэл ‘’Мыкты дарбазачы’’ наамы менен сыйланды.

Бул — студенттерибиздин татыктуу жетишкендиги жана институтубуз үчүн сыймыктуу жыйынтык!

(С) Ж.Желдеңбаева — “Журналистика” билим берүү программасынын окутуучусу, Темирканова Альбина, ЖК-1-24