Факультеттер аралык дене тарбия жана спорт (ФАДТжС) кафедрасынын ага окутуучусу Бакыт Кадыров Италиянын Рим шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду.
2026-жылдын 5-8-ноябрында Рим шаарында Xtreme Fighting Championship версиясы боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бакыт Кадыров 92 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Мелдештин алгачкы беттешинде ал Италиянын өкүлү Роберто Боччаны жеңип, андан соң Латвиялык Эдуардс Кодолсту утуп, финалга жолдомо алды.
Чечүүчү финалдык беттеште Кыргызстандын спортчусу Молдованын өкүлү Вячеслав Чимпой менен күч сынашып, ишенимдүү жеңишке жетишти. Натыйжада Бакыт Кадыров алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону аталды.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жалпы жамааты Бакыт Кадыровду жаркын жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайт! Ага мындан аркы спорттук жана кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз!
(С) Гүлзат Токонова – ФАДТжС кафедра башчысынын орун басары, ага окутуучу