2026-жылдын 12-февралында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аспиранты, дарыгер Дастан Кушубеков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттерине «Никотин: насвай, вейп, тамеки жана кальян ден соолугубузду кантип бузат жана кыйратат» деген темада лекция өткөрдү.
Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулган иш-чаранын негизги максаты — студенттер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, никотин камтылган заттардын зыяндуулугу тууралуу илимий негизделген маалымат берүү жана жаштарды туура тандоо жасоого үндөө болду.
Дастан Кушубеков өз баяндамасында насвай, вейп, тамеки жана кальяндын курамындагы зыяндуу химиялык заттар организмге кандайча таасир этээрин мисалдар менен түшүндүрүп, айрыкча жаш куракта никотинге көз карандылык тез калыптанып, мээнин, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларынын иштешине олуттуу зыян алып келээрин баса белгиледи жана вейп менен кальянды «коопсуз» деп эсептөө жаңылыш пикир экенин, алардын ден соолукка тийгизген зыянын далилдер менен көрсөтүп берди.
Лекциянын соңунда студенттер сергек жашоо образынын артыкчылыктары, спорт менен машыгуунун жана туура тамактануунун мааниси тууралуу пайдалуу кеңештерди алышты. Мындай алдын алуу багытындагы иш-чаралар жаштардын аң-сезимин жогорулатып, коомдо ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле калыптандырууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Лекция мазмундуу жана кызыктуу өттү.
(С) Абдыбекова Айжан — жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы