2026-жылдын 31-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борборунун, Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун, Журналистика жана коммуникация институтунун жана Тарых жана чөлкөм таануу институтунун өкүлдөрү Аламүдүн районунун Т.Актанов атындагы Кашка-Суу жалпы билим берүү мектебине, Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебине жана О.Турсуматов атындагы Бер-Булак жалпы билим берүү мектебине барып, 2026-2027-окуу жылына карата кесипке багыт берүү жолугушууларын өткөрүп келишти.
Мектеп окуучулары менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө ар бир институт өзүн тааныштырып, билим берүү багыттары, окуу шарттары жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди. Өкүлдөр өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Окуучуларга буклеттер таратылып, кызыккан окуучуларга байланыш маалыматтары берилди. Мектеп окуучулары жана мугалимдер институттун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти.
Келечекте бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттеринин катарын толуктайт деген ишеничтебиз.
Ал эми 1-апрель күнү кесипке багыт берүү иш-чарасын Кыргыз-кытай институту Аламүдүн районунун Мрамор жалпы билим берүү орто мектебинде өткөрдү.
Институттун өкүлдөрү мектеп окуучуларына окуу жайдагы адистиктер, окуу шарттары, студенттерге түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат беришти. Окутуучулар о.э. өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, окуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө буклеттер таратылып, видео материалдар көрсөтүлдү.
(С) Дилдебаева Айтолкун — Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борборунун жетектөөчү адиси