2026-жылдын 3-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кытай Эл Республикасынын Дальян политехникалык университетинен (ДПУ) келген профессорлор менен жолугушту.

Кытай тараптан ДПУнун КМШ өлкөлөрүн изилдөө борборунун директору, профессор Го Шухун, Физика факультетинин профессору Мэй Сианьсюй жана Механика жана аэрокосмостук техника институтунун профессору Чжан Вэй болушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар жогорку билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде PhD докторантура багыты боюнча академиялык байланыштарды түзүү, докторанттардын илимий изилдөөлөрүн колдоо, илимий жетекчилик кылуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. КУУ менен ДПУнун өкүлдөрү о.э. кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, өз ара академиялык байланыштарды чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Жолугушуудан кийин кытайлык профессорлор КУУнун Докторантура мектебинин, Кыргыз-кытай изилдөө институтунун, Конфуций институтунун, Физика жана электроника факультетинин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты.