2026-жылдын 21-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында КУУга окууга келген чет өлкөлүк студенттер менен жолугушту.
Жолугуушуда ректор дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген таланттуу жана жигердүү жаштарды кабыл алуу Улуттук университет үчүн чоң сыймык экенин айтып, чет өлкөлүк студенттердин Кыргызстанга келип билим алуусу, маданий жана тилдик тоскоолдуктарды жеңүүгө умтулуусу урматтоого татыктуу экенин кошумчалады.
«Биздин университетте сиздер сапаттуу билим алып, сынчыл ой жүгүртүүгө, эл аралык командада иштөөгө жана татаал маселелерди чечүүгө үйрөнөсүздөр. Окутуучулар, кураторлор жана курсташтарыңыздар ар дайым сиздерге жардам берүүгө даяр. Суроо берүүдөн тартынбаңыздар, окуу жана илимий иштерге, чыгармачылык ийримдерге, спорттук секцияларга жана университеттин коомдук турмушуна активдүү катышыңыздар. Бул убакытты билим алуу үчүн гана эмес, өлкөбүздү, анын каада-салттарын жана элин таанып-билүү, ошондой эле өз маданиятыңыздын бир бөлүгүн биз менен бөлүшүү үчүн да пайдаланыңыздар. Студенттик коомчулугубуздун көп түрдүүлүгү — биздин жалпы байлыгыбыз. Университетибизде өткөргөн мезгилиңиздер жашооңуздардын эң бактылуу жана жемиштүү учурларынын бири болуп, келечектеги кесиптик жолуңуздарга бекем пайдубал түзсүн”, — деди КУУнун ректору.
Чет өлкөлүк студенттерди ошондой эле Кыргызстанда аккредитацияланган Кытай жана Япония элчиликтеринин өкүлдөрү, КУУнун Эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бактыбек Келдибеков, Орус жана славян филологиясы факультетинин деканы Нурайым Сардарбек кызы жана Кыргыз-кытай изилдөө институтунун директору Софья Апаева куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.
Белгилей кетсек, академиялык мобилдүүлүк программасы ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан Кыргыз улуттук университетинде учурда төмөнкү чет өлкөлүк студенттер билим алышууда: Кытайдын Шаньси айыл чарба университетинен — 6 студент, Сиань саясат жана укук университетинен — 6 студент,(КЭР) Япониянын Токио эл аралык мамилелер университетинен – 3 студент, Цукуба университетинен — 1 студент, (Япония) Кореянын Кемён университетинен — 1 студент.
Алар КУУда бир жыл бою билим алышат.