2026-жылдын 10-ноябрында Илим күнүнө карата Экономиканын жогорку мектебинин магистранттары үчүн Өзбекстан Республикасынын Альфраганус университетинин доценти Насритдинова Гулчехра Абдурашитовна тарабынан «Эл аралык валюталык-кредиттик мамилелери жана эл аралык каржы системасы» аттуу темада онлайн лекция өткөрүлдү.
Сабактын жүрүшүндө дүйнөлүк каржы системасынын өнүгүү тенденциялары жана Өзбекстандын эл аралык валюта-кредиттик мамилелеринин өзгөчөлүктөрү жана эл аралык каржылык байланыштары тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Иш-чаранын соңунда тараптар билим берүү жана илимий изилдөө багыттарында кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен академиялык иш-чараларды уюштуруу боюнча сунуштарын билдиришти.
Мындай жолугушуулар магистранттардын кесиптик жана илимий потенциалын өнүктүрүүгө, эл аралык тажрыйба менен таанышууга жана жогорку окуу жайлар ортосундагы академиялык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын уюштуруучулары: Секиева Р.А., Макеева С.Б.
(С) Секиева Р.А. — Финансы кафедрасынын башчысы, доцент.