2026-жылдын 7-ноябрында Кыргыз филологиясы факультетинин 2-курсунун КТА-1-25 группасынын студенттери жана академиялык консультанты А.Солтоноев “7, 8- ноябрь – Тарых жана ата-баларды эскерүү күнүнө» карата Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып келишти.

Иш-чаранын максаты – студенттерге улуттун тарыхын, маданиятын жана кыргыздын алгачкы интелигенциялары тууралуу маалымат менен таныштырып, аларды мекенчилдикке, улутка кызмат кылууга үндөө болуп саналат. Мемориалдык комплекстен студенттер 1916, 1938-жылкы окуялар, аларга туш болгон улуу инсандар тууралуу маалымат менен таанышып кайтышты.

(С) А.У.Акынбекова — кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор